Банк эсептери кыргыз сомунда жана чет өлкө валютасында, жеке жактарга банк тарабынан инсандыгын тастыктоочу документтери бар болгон учурда ачылат.*

Эсеп ачуу жана банк картасын чыгаруу 3 банк күнүнүн ичинде жүргүзүлөт. Карта алуу үчүн Сиз инсандыкты тастыктоочу документ менен Банкка кайрылууңуз зарыл.

Кардарларга эсеп ачылган филиалга карабастан, каалаган филиалда эсеп боюнча операцияларды жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берилет.

Тиешелүү консультацияларды алуу үчүн   DemirBankтын филиалдарынын бирине же күнү-түнү иштөөчү кардарларды колдоо кызматына төмөнкү номерлер аркылуу кайрылсаңыздар болот: +996 312 610 610, 610 613, 2222

  • Инсандыгын тастыктоочу документ:
  • - Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн – ички паспорт же 1994-жылкы паспорт (зарыл болгон учурда, мөөнөтүн узартуу тууралуу маалыматы менен)
  • - чет өлкө жарандарына же жарандыгы жок адамдарга – чет өлкө жарандарынын паспорту, жашай туруу укугу, убактылуу жашоого уруксат кагазы, качкын күбөлүгү, офицердин, прапорщиктин же мөөнөттүү кызматтагы аскер кызматкеринин күбөлүгү.
  • - Кардарга эсепти ишеним кат менен ачкан учурда, кошумча ишеним кат ээсинин  нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн ишеним каты жана инсандыгын тастыктоочу документтери берилет 

Кардарга эсепти ишеним кат менен ачкан учурда кошумча төмөнкүлөр берилет:

  • Эсеп ээсинин инсандыгын тастыктоочу документи
  • же
  • Эсеп менен башкарууга ыйгарым укуктуу (нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн ишеним катта же кол тамгалардын жана мөөр басмаларынын үлгүлөрү түшүрүлгөн карточкада көрсөтүлгөн*), ишеним кат ээсинин инсандыгын тастыктоочу документи.
  • • (*) DemirBank ишеним катты эсепти ээсинин атынан башкарууга ыйгарым укуугу бар, үчүнчү жакка тариздөөсү мүмкүн, же болбосо нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн ишеним кат алып келсе болот.

Эгерде, эсеби ата-энеси же башка мыйзамдуу өкүлдөрү тарабынан ачылып жаткан Кардардын жашы он төрткө жетпеген болсо, эсеп ачуу үчүн төмөнкү документтер керектелет:

  • • Эсепти башкарууга ыйгарым укуктуу, ата-энесинин биринин же башка мыйзамдуу өкүлдөрдүн паспорту
  • • Жашы жете элек кардардын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү

Жашы он төрттөн он алтыга чейинки жашы жете элек өспүрүмдөрдүн, ата-энесинин же башка мыйзамдуу өкүлдөрүнүн уруксатысыз Банкта эсеп ачууга жана эсепти башкарууга укуктуу. Ал учурда, жашы жете элек кардарга эсеп ачуу үчүн банкка төмөнкүлөрдү алып келип берүүсү зарыл:

  • туулгандыгы тууралуу күбөлүк
  • окуп жаткан окуу жайынан (мектеп/лицей) берилген тактаманын же өспүрүмдүн сүрөтү менен жашаган жеринен тактаманын түп нускасы.