DemirBank Мамлекеттик ипотекалык программанын алкагында ипотекалык насыяларды бере баштады!

Кыргызстандагы биринчи эл аралык банк – DemirBank,“Мамлекеттик Ипотекалык компания” ААК менен биргеликте мамлекеттик кызматкерлерге ипотекалык насыяларды берүүнү ишке ашыра баштады. DemirBank жана “Мамлекеттик Ипотекалык компания” ААК ортосундагы кызматташтыгы тууралуу макулдашууга 2016-жылдын 12 августунда КР экономика жана өнүгүү министрлигинде кол коюлган.

“Жеткиликтүү турак жай 2015-2020” мамлекеттик программасынын алкагында турак жай сатып алууга насыя 10 жылга, 8 ден 10% чейин кошумча комиссиясыз берилет. Насыянын суммасы улуттук валютада 3 000 000 сомго чейин жана Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкынын нормативдик укуктук актыларынын талаптарына жана банктын ички нормативдик документтерине ылайык берилет.

“Биз жеткиликтүү турак жайдын Кыргызстандыктар үчүн кандай мааниге ээ болгонун түшүнөбүз жана КР өкмөтүнүн “Жеткиликтүү турак жай 2015-2020” программасын ишке ашырууга жардам берүүгө даярбыз. DemirBank туруктуу негизде КР калкына көмөк көрсөтүп келет жана ушул келишимдин түзүлүүсү банк үчүн стратегиялык маанилүү кадам болуп эсептелет жана банктын – “Кардарлардын жана өнөктөштөрдүн муктаждыктарына жана керектөөлөрүнө багытталган болуу” миссиясына туура келет” – деп, DemirBankтын Башкы менеджери Л. Шевки Сарылар өз пикирин билдирет.

Программада катышуу үчүн, кардарларга Мамлекеттик ипотекалык программа тарабынан DemirBankка жөнөтүлүүчү программанын катышуучуларынын тизмесинде болуусу зарыл

Макулдашуу “Жеткиликтүү турак жай 2015-2020” мамлекеттик программасынын алкагында иш алып барат. Программанын максаты - өлкөнүн бардык региондорунда жеткиликтүү турак жай куруу; турак жай сатып алуу боюнча ипотекалык механизмдери менен камсыз кылуу; өлкөнүн банк системасын кайрадан каржылоо механизмдери менен болгон жеткиликтүү ипотекалык насыялоо программаларына катыштыруу аркылуу Кыргыз Республикасындагы турак жайдын жеткиликтүү болуусун көтөрүү үчүн шарттарды түзүү болуп эсептелет.

DemirBank менен ипотека Сиздин үй-бүлөөңүз үчүн мындан да жеткиликтүү болот!

Насыя суммасы 350 000 ден 3 000 000 сомго чейин
Насыя валютасы сом
Насыя мөөнөтү 120 айга чейин
Жылдык пайыздык чени Эгерде кардардын өздүк каражаттары:
9% 10% дан 20% чейин
8% 20% дан 30% чейин
7% 30% жана андан өйдө
Насыя берүү үчүн комиссия колдонулбайт
Күрөө Насыяга сатып алынуучу турак жай жана 1 жеке кепилдик. Тиешелүү макулдоочу органдын чечими менен Банк өзүнө ыңгайлуу болгон кошумча кепилдик талап кылышы мүмкүн.
Мөөнөтүнөн мурда жоюу үчүн айып колдонулбайт
Өздүк каражаттардын болуусу сатып алынуучу кыймылсыз мүлктүн наркынын эң азы 30%

Биз Кыргызстандыктар үчүн жеткиликтүү турак-жайдын чоң мааниге ээ болгонун түшүнөбуз жана Мамлекеттик Ипотекалык Компания менен биргеликте көмөк көрсөткөнү даярбыз.

Суроолор пайда болгон учурда, Контакт борборуна төмөнкү номер аркылуу кайрылсаңыздар болот:

+996 312 90 90 60 – Банктын адистери Сиздерди керектүү маалымат менен тааныштырышат;