ВИРТУАЛДЫК КРЕДИТТИК КАРТА (ВК) бул төлөм картасына окшош, бирок электрондук гана түрдөгү карта. Интернет төлөмдөрдү жүргүзүүдө Сиздин сатып алууларыңызды коопсудандырат.

  • ВК DemirBank кредиттик карталарынын колдонуучуларынын интернет төлөмдөрүн жүргүзүүдө КООПСУЗДУК камсыздоо үчүн чыгарылган.
  • ВК DemirBank ИНТЕРНЕТ-БАНКИНГи аркылуу, өз алдынча Сиз тарабыңыдан чыгарылат жана материалдык алып жүрүүчүсү жок, т. а. карта физикалык жактан чыгарылбайт жана ошону уурдап кетүү коркунучу жокко чыгат.
  • Эгерде Сиз DemirBank кредиттик картасынын ээси болсоңуз жана ИНТЕРНЕТ-БАНКИНГ системасынын “Толук режимине” туташкан болсоңуз, ВК чыгаруу үчүн DemirBankтын сайтына кирүүңүз гана жетиштүү (жеке жактар үчүн ИНТЕРНЕТ-БАНКИНГ системасынын “Толук режими” менен иштөөнүн корсөтмөлөрү бул жерде )

ВИРТУАЛДЫК КАРТАНЫН АРТЫКЧЫЛЫКТАРЫ:
  • Интернет төлөмдөрдү жүргүзүүдө Сиздин кредиттик картаңыздын маалыматын колдонуу коркунучунун ТӨМӨНДӨШҮ.
  • DemirBank ИНТЕРНЕТ-БАНКИНГи аркылуу Сизге ыңгайлуу болгон убакта өз алдынча ВК ачуу, лимит коюу*, лимитти жабуу МҮМКҮНЧҮЛҮГҮ.

*ВК лимити жана Сиздин кредиттик картаңыздын лимити өз ара байланышкан: эгер Сиз алардын бирөөсүнүн лимитин колдонсоңуз, экинчисинин лимити төмөндөйт. ВК лимити Сиздин кредиттик картаңыздын лимитинен ашпайт.

Өзгөчө белгилер:
  1. Интернет аркылуу төлөм жүргүзгөндөн кийин, Сиз ВК лимитин төмөндөтсөңүз же жокко чыгарсаңыз болот.
  2. ВК аркылуу жүргүзүлгөн бардык операциялар, Банк тарабынанай сайын электрондук почта аркылуу жөнөтүлүүчү, кредиттик картанын көчүрмөсүндө чагылдырылат.