1997 
400000+ 
27 
 
3600
300

«Демир Кыргыз Интернэшнл Банк» ЖАК ( DemirBank бренди) Кыргыз Республикасындагы биринчи эл аралык коммерциалык банк болуп саналат. 2021-жылдын 1-январга карата банктын акционерлери: 

  • Доктор Халит Джынгыллыоглу – 92,5% акцияга
  • "HCBG Holding B.V." ЖАК, Нидерланд -7.5% акцияга

DemirBank Бишкек шаарында, Кыргыз Республикасынын мыйзамынын негизинде түзүлгөн. Ошондой эле 1997-жылдын 2-майында банктык ишмердүүлүк жүргүзүү үчүн зарыл болгон баардык лицензияларды алган. Банк расмий түрдө, 1997-жылдын 28-майында, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана баардык акционерлердин өкүлдөрүнүн катышуусунда ачылган. Төлөнгөн уставдык капитал 2023-жылдын 1-январга карата 2 млрд сомду түзөт.

DemirBankтын ишмердүүлүгүнүн негизги максаты болуп, корпоративдик жана ОЧБ кардарларга, ошондой эле жеке жактарга инновациялык банктык кызматтарды колдонуу менен кызмат көрсөтүү эсептелет.

Кыргызстандын мамилесиндеги 27 жылдык иш тажрыйба, кардарлар менен болгон туруктуу мамиле, эл аралык стандарттар менен иштөө жана кесипкөйлөрдөн түзүлгөн күчтүү команда банкка базардагы атаандаштык артыкчылыгына шарт түзүп, кардарлар үчүн ишенимдүү өнөктөш кылып келет.

DemirBank Эл аралык ишкердик кеңеши, Am Cham Америкалык соода палатасы, Кыргызстан банктарынын ассоциациясы, КРнын аманаттарды коргоо агенттиги, Rotary и KITIAD клубу сыяктуу ар кандай бизнес-ассоциацияларга жана уюмдарга мүчө болуп,

ЭлКарт улуттук жана VISA, Master Card эл аралык төлөм системаларынын өнөктөшү жана катышуучусу болуп келет.

Банктын ишмердүүлүгүнүн ийгиликтүү көрсөткүчтөрүнүн бири болуп кызмат көрсөтүүлөрдүн спектринин кеңейиши жана жыл сайын өсүп келе жаткан кардарлардын кеңири базасы эсептелет.

DemirBankтын маанилүү мүнөздөмөсү:

DemirBank 2002-жылдан тарта өздүк процессингдик борбору бар Кыргыз Республикасындагы жалгыз банк. Банк борбору бул – банк карталары менен болгон бардык операцияларды тейлөөчү жана алардын иштелип чыгуусун камсыздоочу программалык-аппараттык комплекс..  Өздүк Процессингдик борбору DemirBankка төмөнкү мүмкүнчүлүктөрдү берет:

  • Кардарларга эң сапаттуу жана оперативдүү кызматтарды көрсөтүүгө, өткөрүлүүчү транзакцияларды онлайн режиминде иштеп чыгууга
  • Карталар боюнча алдамчылык операцияларды өз алдынча көзөмөлдөөгө жана мониторинг жасоого
  • Банкоматтардын жана ПОС-Терминалдардын тармагын үчүнчү жактардын жардамысыз өнүктүрүүгө
  • Кардарлардын карталарды жасоого жана тейлөөгө буюртмаларын өз убагында аткарууга
  • Кардарлар, эсептер, транзакциялар тууралуу жашыруун маалыматка үчүнчү жактарга жеткиликти чектөөгө

2017-жылдын январь айында DemirBank Эл аралык PCI DSS 3.2 стандартына туура келүү аудитинен ийгиликтүү өттү. Төлөм карталардын индустриясынын маалыматтарынын коопсуздугунун PCI DSS стандарты, төлөм карталардын иштелип чыгуусунда катышкан маалымат системаларын коргоо талаптарын аныктайт. Ушул стандарт боюнча аудиттен ийгиликтүү өтүү – карта транзакцияларынын чоң көлөмү менен иштеген бардык мекемелерге эл аралык төлөм системалары тарабынан коюлуучу талап болуп эсептелет.

DemirBank DemirBank ар дайым өз ишинде эң жакшы программалык камсыздоону колдонот жана жаңы технологияларды жана инновацияларды киргизүү менен кардарларына мыкты кызмат көрсөтүүгө умтулат.

DemirBank Кыргыз Республикасындагы коммерциялык банктардын арасынын биринчи болуп 2006-жылы эл аралык VISA International төлөм системачынын принципиалдуу мүчөсү ардактуу статусуна ээ болгон. Ал эми 2011-жылы эл аралык MasterCard төлөм системачынын принципиалдуу мүчөсү болду.

Эл аралык төлөм системаларында катышуунун эң жогорку статусу DemirBankка VISA жана MasterCard карталарын колдонуу менен байланыштуу кызматтардын толук чөйрөсүн өз кардарларына сапаттуу жана оперативдүү түрдө тартуулоого жана эл аралык төлөм системалары менен түздөн түз иштөөгө укук берет.

Принципиалдык мүчө статусунун болуусу, DemirBankтын жогорку статусунун, коопсуздук стандарттарын жолдоосунун, ишенимдүүлүгүнүн жана эл аралык өнөктөштөрү тарабынан ишеним алуусунун көрсөткүчү болуп, банктын ийгиликтүү ишмердигин тастыктап турат.

DemirBankтак ишеним менен туруктуу өнүгүү темпин сактап келет жана 20 жыл Кыргызстандыктарга эл аралык стандарттарга ылайык профессионалдуу кызмат көрсөтүп келет.

DemirBank Кыргыз Республикасындагы коммерциялык банктардын арасынын биринчилерден болуп өлкөнүн аймагында төлөм карталарын ишке киргизген. DemirBank кардарларынын ыңгайлуулугу үчүн, өздүк же карызга берилүүчү (кредиттик лимит) акча каражаттарын пайдаланууга мүмкүнчүлүк берүүчү дебеттик жана кредиттик VISA карталарын сунуштайт.

  • Биринчи Дебеттик карта – 2003-жылдын Январь айы.
  • Бонустук карта – 2004-жылдын Сентябрь айы.
  • Магниттик Visa Debit Card картасы – 2007-жылдын Июнь айы.
  • Кредиттик Visa Classic картасы – 2007-жылдын Сентябрь айы.
  • Кредиттик Visa Gold картасы – 2007-жылдын Сентябрь айы.
  • Кредиттик Visa Platinum картасы – 2012-жылдын Декабрь айы.
  • Кредиттик бизнес карта – 2013-жылдын Сентябрь айы.
  • PayWave технологиясы менен карта – 2015-жылдын Октябрь айы.

DemirBankтын кредиттик картасы бул – кардарга товарларга жана кызматтарга банк тарабынан берилүүчү насыялык каражаттардын эсебинен төлөө үчүн берилчү өздүк төлөм картасы. Ошону менен бирге, банкка насыя алуу үчүн кайрылуунун жана насыяны максаттуу пайдалануусун тастыктоонун зарылдыгы жок, кредиттик картанын бар болуусу өзү эле каражаттарды керектөөлөргө пайдаланууга мүмкүнчүлүк берет.

Кредиттик карталардын колдонуучуларынын көрүнүктүү артыкчылыгы болуп кийинкилер эсептелет – ар кайсы сатып алууну онлайн төлөө, товарларга жана кызматтарга ар кандай жеңилдетүүлөрдү алуу жана берилүүчү жеңилдетүү мөөнөтүнүн учурунда колдонулган кредиттик лимитине пайызсыз төлөө. Банктын банкоматтарында улуттук валютада накталай акча алуу. 

DemirBankтын кредиттик карталарынын колдонуучулары үчүн жагымдуу бонус катары, банктын POS-Терминалдарынын кеңири тармагында иштеген, ар бир сатып алуу үчүн кошумча пайда табууга мүмкүнчүлүк берген CashBack лоялдуулук программасы болуп эсептелет.

DemirBank ар дайым өз кардарларына эң эле ыңгайлуу шарттарды түзгөнгө жана пайдалуу тандоону ыйгарууга умтулат.

  • КРда ПОС-Терминалдардын саны боюнча Лидери  DemirBank КРда ПОС-Терминалдардын саны боюнча лидерликти сактап келүүдө жана накталай эмес айланууну өстүрүп келүүдө. Ошентип, 2005-жылдан тарта накталай эмес операциялардын көлөмү 25%га көбөйдү, ал эми 2017-жылдын январь айына активдүү иштеп жаткан ПОС-Терминалдардын саны 1669 даананы түздү, алардан 292 даанасы PayWave технологиясы менен тийүүсүз иштөөчү ПОС-Терминалдар.
  • E-Commerce (электрондук коммерция) DemirBank Кыргыз Республикасындагы коммерциялык банктардын арасынын биринчилерден болуп 2013-жылдын декабрь айында Интернет-эквайринг жаңы төлөм кызматын ишке киргизди. Demir Bankтан E-Commerce (электрондук коммерция) бул – банк төлөм карталарын колдонуу менен товарларды жана кызматтарды интернет аркылуу тез убакытта сатуу жана сатып алуу. Транзакциялар компаниянын веб-сайтында орнотулган виртуалдык ПОС-Терминал же FastPay.kg атайын аркылуу өткөрүлөт, ал эми сатып алуулар 1 клик менен өтөт.
  • Кызмат ишке киргенден тарта Кыргызстандагы 50 дөн ашык чоң компаниялар жаңы кызматты туташтырышты, ал эми 10 000 ден ашык колдонуучулар кызматты колдонуп артыкчылыгына баа беришти.  
  • PayWave технологиясы менен  тийүүсүз иштөөчү карта. DemirBank Кыргыз Республикасындагы коммерциялык банктардын арасынын биринчилерден болуп 2015-жылдын октябрь айында Visa PayWave тийүүсүз иштөөчү картасын чыгарды. Жаңы тийүүсүз иштөөчү төлөм картасы сатуу жайларында накталай эмес төлөмдөрдү тез жана ыңгайлуу өткөрүүгө мүмкүнчүлүк берет.
    PayWave технологиясы менен карталар картаны кассирге колго берүүсүз бир заматта операция жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берет жана жашыруун маалыматты коопсуз сактоо жана шифрлоого мүмкүнчүлүк берген атайын технологияда негизделген.
  • 3D Secure DemirBank өз кардарларынын ыңгайлуулугу үчүн жана интернет-төлөмдөрдүн коопсуздугун камсыздоо максатында, 2015-жылдын декабырь айынан тарта бардык Visa карталарын 3D Secure кызматына туташтырды. Бул кызмат, карта колдонуучуларга ар бир транзакциясын эң жогорку даражадагы коопсуздукту камсыздоочу уникалдуу сыр сөз менен тастыктоого мүмкүнчүлүк берет. Сыр сөз SMS-билдирүү түрүндө, карта колдонуучунун банкта катталган уюлдук телефон номерине жөнөтүлөт.

DemirBank ар дайым өз ишинде эң жакшы программалык камсыздоону колдонот жана жаңы технологияларды жана инновацияларды киргизүү менен кардарларына мыкты кызмат көрсөтүүгө умтулат.

DemirBank банк чөйрөсүндөгү ийгиликтүү ишмердиги үчүн көп жылдан бери ардактуу сыйлыктарды алып, Euromoney, Global Finance, Trade Facilitation Program, Asian Development Bank, The Banker, The Asian Banker, CITI журналдарынын версиялары боюнча Кыргызстандагы эң мыкты банк катары таанылып келет

Кыргызстан боюнча ПОС-терминалдардын жана банкоматтардын саны, ошондой эле накталай эмес акча жүгүртүүнүнүн көлөмүн көбөйтүү боюнча лидерликти бербей келет.

DemirBankтын банкоматтары акыркы технологиялар менен жабдылган. Алар карта ээлерине акча каражаттары менен ар кандай операцияларды жасоого мүмкүнчүлүк берет. Кардарлардын ыңгайлуулугу үчүн DemirBankтын банкоматтарынын 2 түрү бар: Cash out жана Cash in.

Cash out банкоматтары сиздин эсептеги акча каражатыңызды накталай акча каражат түрүндө алууга шарт түзөт.

Салынган акча каражаты кардардын эсебинде дароо көрүнөт. Demir Bankтагы эсебиңизден акча алыңыз же аны толтуруңуз: оңой, ыкчам, жана пайдалуу! Сash-in жана сash out банкоматтарын колдонуңуз!

Demir Bankтын ПОС-терминалдарынын артыкчылыгы, анын кеңири аймакты камтуусу жана кардарларга жеткиликүүлүгү. Ал эми өнөктөштөр үчүн, акчаны эсептөөдө, сактоодо жана накталай акча каражаттарын инкассациялоодо чыгымдарды үнөмдөө артыкчылыгын берет.

2015-жылдан бери накталай эмес акча жүгүртүүнүн көлөмү 25%га көбөйгөн. Ал эми 2017-жылдын январь айына карата активдүү терминалдардын саны 1669ду түзөт. Алардын ичинен 292си PayWave технологиясы менен иштеген контактсыз ПОС-терминалдар.

Жаңы контактсыз карталар соода түйүндөрүндө накталай эмес төлөөнү оңой, ыкчам жана ыңгайлуу кылып жүргүзөт. PayWave технологиясы бар карталар аркылуу, картаны кассирдин колуна бербестен эле дароо төлөп коюуга болот.

Бул карталар ар бир операция тууралуу жашыруун маалыматты шифрлоо жана коопсуз сактоого мүмкүнчүлүк түзөт. Pay Wave технологиясы менен Demir Bankтын төлөм картасы бул - аз кыймыл, көп ыңгайлуулук!

DemirBank 2013-жылы,  жол эрежеси  бузулган учурда ПОС-терминалдар аркылуу жеринде жазапулду төлөөгө шарт түзгөн жаңы кызматты иштеп чыккан жана киргизген Кыргызстандагы биринчи коммерциялык банк болду.  

Кызматтын артыкчылыгы:

  • Жазапулду төлөөдө ишенимдүүлүк жана ыкчамдык
  • Төлөм менюсундагы интерфейстин ыңгайлуулугу жана жагымдуулугу, ошондой эле ЖККнын эрежесин бузгандыгы тууралуу беренеге ылайык айып суммасынын автоматтуу түрдө көрүнүүсү.
  • Квитанция, бири Сиз үчүн, экинчиси КРнын ИИМинин ЖККсына көрсөтүү үчүн эки нускада басылып чыгат. 
  • DemirBankтын төлөм карталары менен ПОС-терминалдар же болбосо Кыргызстан боюнча жайгашкан төлөм терминалдары аркылуу “Ачык” кабыл алуусу төлөмдү ыкчам жана ыңгайлуу жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк түзөт.

Кардарлардын ыңгайлуулугу жана кызматтын мобилдүү иштөөсү үчүн КРнын ИИМинин ЖККнын кызматкерлерине Demir Bankтын 308 ПОС-терминалы колдонууга берилген.

DemirBank ар дайым өзүнүн кардарлары үчүн кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүн кеңейтүүгө ошондой эле ыңгайлуу, жеткиликтүү жана мобилдүү сервис көрсөтүүгө аракет кылып келет.

DemirBank өз кардарларына ар дайым мобилдик жана инновациялык кызматтарын сунуштайт, алардын бири болуп ыңгайлуу интернет-банкинг эсептелет. Бул кызмат интернет аркылуу көптөгөн банк операцияларын жумасына 7 күн 24 саат бою, дүйнөнүн ар кайсы жеринен коопсуз өткөрүүгө жана убакытты үнөмдөөгө мүмкүнчүлүк берет.

ДЕМИР БАНКТАН ИНТЕРНЕТ-БАНКИНГ - БУЛ:

  • ОҢОЙ. Системанын интерфейси ыңгайлуу жана ар бир колдонуучуга түшүнүктүү.
  • ЫҢГАЙЛУУ.Каалаган убакта, дүйнөнүн каалаган жеринен! Акча каражаттарынын кыймылын жана эсептердеги калдыктарды толук башкаруу.
  • ТЕЗ. Төлөмдөр жана акча которуулар онлайн режиминде!
  • КООПСУЗ. Бузуп кирүүлөрдөн коргоону жана акча каражаттардын коопсуздугун бир жолку SMS-сыр сөз же Е-Токен аркылуу камсыздайт. 

ӨЗ УБАКЫТЫҢЫЗДЫ БААЛАҢЫЗ – ӨЗҮҢҮЗДҮН БАНК ЭСЕПТЕРИҢИЗДИ ИНТЕРНЕТ-БАНКИНГ АРКЫЛУУ БАШКАРЫҢЫЗ!

Кыргызстандагы биринчи эл аралык банк – DemirBankтын кеңири филиалдык тармагы бар, ал тармакта 13 филиал, 14 сактык касса и 8 акча алмаштыруу түйүнү бар. DemirBankтын кеңири филиалдык тармагынын артыкчылыгы – бул кеңири камтуу географиясы жана кардарлар үчүн жеткиликтүүлүгү, көрсөтүлүүчү кызматтардын чөйрөсүнүн чоңоюусу жана сапатынын жогорулоосу, бардык каржылык операцияларды өлкөнүн аймагында жана өлкөдөн сырткары жүргүзүүсүндө. 

DemirBank, эң баалуу актив – бул профессионалдуу кызматкерлер, деп эсептейт, ошол себептен банк өз коллегаларына эң мыкты шарттарды жана сонун атмосфераны түзүүгө аракет жасайт. DemirBank өз кызматкерлеринин өнүгүүсүнө жана профессионалдык жактан өсүүсүнө зор маани берет.

DemirBankтын кызматкерлери ар дайым өлкөнүн аймагында жана өлкөдөн сырткары өтүп турган түрдүү семинарлар жана тренингдерге катышып турушат.

DemirBankтын профессионалдуу персоналы, банктын ийгилигинин эң маанилүү факторлорунун бири болуп эсептелет. Банк, кызматкерлерине өз милдеттерин жакшы аткарууга жана демилге көрсөтүүгө, банктын кийинки негизги ишкердик өзгөчөлүктөрүн аныктоого мүмкүнчүлук түзүүчү натыйжалуу организациялык түзүлүштү түзүүнүн жана колдоонун үстүнөн иштеп келет. 

  • Эл аралык сапаттын стандарттарына ылайык жогорку квалификациядагы тейлөө;
  • Чечим кабыл алуудагы ийкемдүүлүк;
  • Кардарларга индивидуалдуу мамиле жасоо;
  • Өз ара пайдалуу жыйынтыктары бар өнөктөштүк. 

Биз, ийгиликтин эң маанилүү фактору бул – профессионалдуу персонал болгонуна так ишенебиз..

Банк айлана-чѳйрѳнү сактоо жана калыбына келтирүү принциптерин карманат жана алардын жашоо шарттарын олуттуу ѳзгѳртүү же начарлатуу менен байланышкан долбоорлорго кѳмѳк кѳрсѳтпѳйт. Ѳзүнүн ишинин алкагында Банк айлана чѳйрѳнү жана экологиялык коопсуздукту сактоо факторлоруна, ошондой эле социалдык-экономикалык жана туруктуу ѳнүгүү принциптерине кѳңүл бурат.