КРнын мыйзамына жараша юридикалык жактар банктык эсеп-чоттон акча каражаттарды алуу үчүн толтурулган чекти камсыз кылуусу зарыл.

DemirBank чектик китепчелердин эки түрүн чыгарат – стандарттык түрдөгү, 25 барактык чектик китепче, жана 500 барактан турган тасма чектери. Чектик китепчени алуу үчүн чектик китепчеге болгон. 

DemirBank чеги которуу аспабы болгондуктан, үчүнчү жактын пайдасына да чыгарылышы мүмкүн. Жазылып берилген чектер 10 күндүн ичинде гана анык (10 календарных дней). 


Колго толтурулган же печатталган чектер акча каражаттарын кабыл алуучунун атына чыгарылат да, кабыл алуучу чекти банктын кассасына тапшырат, андан соң акча каражаттар Кардардын эсеп-чотунан алынат. Берилген кызмат Кардарды эки операциядан бошотот (кассирдин жардамы менен акча каражаттарын эсеп-чоттон алуу, акча каражаттарын офиске алып келүү жана кардардын кассасынан акча каражаттарын кабыл алуучуга төлөп берүү). Чектерди колдонуу накталай акча менен болгон жумуштагы тобокелдикти азайтып, уюм ишкерлеринин иш убактысын экономдойт.

500 барактан турган тасма чектерин колдонуусунун ыңгайлуулугу бул чектер колдон толтурулбайт да, тескерисинче, атайын программа аркылуу компьютерди колдонуу менен ишке ашырылат. Кабыл алуучулар, сумма, төлөмдүн датасы ж.б.у.с. боюнча маалымат Кардардын жеке компьютеринин базасында сакталат да, келечекте компаниянын акча каражаттарынын агымын көрүүгө мүмкүнчүлүк түзөт. Тасма чектерин колдонууга болгон программаны орнотуу Банк тарабынан акысыз ишке ашылырат.