Интернет-банкинг менен колдонуунун коопсуздук эрежелери
Интернет-банкинг менен колдонуунун коопсуздук эрежелери:

- Өзүңүздүн логиниңизди (user name), паролуңузду (password), жана пин-кодуңузду (pin-code) айтпаңыз
- Интернет-банкингге кире турган өздүк маалыматтын жазууларын башка адамдар ала турган жерге калтырбаңыз. Маалыматтарды жазуу сунушталбайт, эстеп калуу сунушталат. Берилген маалыматты камтыган баардык жабдыктарды, нерселерди жокко чыгаруу сунушталат
- Өзүңүздүн Интернет-банкинг өздүк баракчаңызга шектүү жерлерде кирбеңиз – мисалы, интернет-кафелерде, себеби, маалыматыңыз чыгып кетиши ыктымал
- Маал маалы менен Өзүңүздүн паролуңузду алмаштырып туруңуз (үч айда бир жолудан кем эмес)
- Эгерде Сиз кимдир-бирөө сиздин Интернет-Банкинг системасына кире турган индентификациялык маалматыңызды билип алганына шек бар болсо, Банкка дароо маалымат бериңиз
- Эгерде Сиз шектүү транзакцияларды көрүп калсаңыз, DemirBankка дароо маалымат бериңиз
- Коргонууну камсыз кылуу үчүн E-токенди алып алыңыз. Банк тарабынан стандарттык чектөөлөрдү ашырган учурда E-токенди сөзсүз түрдө алуу келишимде берилген
МААНИЛҮҮ! Система идентификациялык маалыматтарды системага 3 жолу киргизүүгө мүмкүндүк берерине Сиздин көңүлүңүздү бурабыз. 4-жолу туура эмес паролду жана/же ПИН-кодду, жана/же Е-токен-паролду (Е-токенди колдонгон учурда) Банктын системасы бул жагдайды коопсуздуктун системасын бузуу катары карап, Сиздин идентификациялык интернет номуруңуз блокко туруп калат.
Билүүгө пайдалуу
Коопсуздукту камсыз кылуу үчүн Интернет-банкинг сессиясы 7 (жети) мүнөткө чейин чектелген, башкача айтканда, Сиздин интернет-банкинг баракчаңыздагы каалаган кыстырмага киргенден кийин, баракча бир гана 7 мүнөттүн ичинде активдүү боло алат.
Деңгээлдердин биринде колдонучулардын саны бирден ашса, Е-токенди ар бир колдонуучу сатып алууга муктаж (Е-токен ошол деңгээлде орнотулган болсо). Е-токен орнотулууда бир жолу төлөнөт. Жарактуу мөөнөтү 7 жыл.