Документардык аккредитив – банк товар үчүн сатуучуга келишим боюнча макулдашылган белгилүү бир сумманы төлөп берүүгө милдеттенет. Бул товарды жөнөтүүнү тастыктаган жана сатуучу менен сатып алуучунун ортосундагы өз ара макулдашуу боюнча тиешелүү документтер так болгон учурда (банкка берилген учурда) гана ишке ашат. 

Банк экспортчуга төлөм жүргүзүп же башка банктын төлөп берүүсүн камсыздоосу керек. Кардарга аккредитивдик операцияны жүргүзүүдө, эреже катары, аккредитивди акча депозитинин же башка күрөөнүн жардамы менен камсыздоо зарыл.

Эгер суроолор пайда болсо, анда банктын бөлүмдөрүнөн эксперттерин ар дайым байланыша аласыз.


ЭКСПОРТТУК
Авизолоо
Экспорттук аккредитивди авизолоо 0,1% (мин 100 АКШ доллары, макс 500 АКШ доллары)
Документтерди текшерүү (ар бир пакет) 0,3% (мин 100 АКШ доллары, макс 300 АКШ доллары) плюс 100 АКШ доллары почта чыгымдары
ИМПОРТТУК
Аккредитивдин долбоорун берүү менен консультация (аккредитивди ачуу акысын азайтуу менен кайтарылып берүүгө тийиш) 100 АКШ доллары
Аккредитивди чыгарууну уюштуруу аккредитивдин суммасынын 1% чейин (мин 50 АКШ доллары)
Аккредитив ачуу:
100% акчалай камсыздоо берүү учурунда кварталына 0,75% (мин 250 АКШ доллары) 
башка камсыздоо берүү учурунда (кредиттик келишимдин алкагында) кварталына 2%га чейин (мин 250 АКШ доллары)        
  • Келишимде каралган мөөнөттөрдө талапка ылайык сапаттагы жана комплектидеги товар менен жабдуу (жеткирип берүү) кепилдиги.
  • Товар жүктөлүп, жөнөтүлгөндөн кийин гана төлөм жүргүзүлө тургандыгына ишеним.
  • Товарларды төмөнкү дүң баада алуу жана узагыраак убакыттын ичинде төлөп бүтүү
  • Пост-импорттук каржылоо жана жеңилдетилген насыя алуу.
  • Импорттук контракт боюнча алдын ала төлөнүүчү төлөмдүн өлчөмүнүн азайышы.
  • Өз кызыкчылыктарын эске алуу менен контракт боюнча төлөм схемасын түзүү мүмкүнчүлүгү.
  • Аккредитивдер бардык банктар аткарууга милдеттүү болгон Эл Аралык Унификацияланган эрежелерге баш ийгендиктен юридикалык коопсуздуктун деңгээли жогору.
  • Тышкы соода документардык операциялар тармагы боюнча банк адистеринен кеп кеңеш алуу.
  • Документтердин эл аралык талаптарга шайкеш каралышы.

  1. Сатып алуучу менен сатуучунун ортосунда документардык аккредитив аркылуу төлөм жүргүзүүнү шарттаган контракт түзүү.
  2. Сатып алуучу тарабынан өз банкына банк-эмитент) аккредитив ачууга табыштама.
  3. Банк-эмитент тарабынан аккредитивдин ачылышы жана анын авизолоочу банкка бенефициарга аккредитивди авизолоо өтүнүчү менен жөнөтүлүшү. Авизолоочу банк аткаруучу жана тастыктоочу банк да боло алат.
  4. Бенефициарды пайдасына аккредитив ачылгандыгы тууралуу аны авизолоо.
  5. Товарды жүктөп -жөнөтүү сатуучунун пайдасына ( бенефициар аккредитивди алып, анын контрактынын шарттарына шайкештиги жана аткарыла тургандыгы тастыкталгандан кийин).
  6. Товарды сатып алучуга жүк ташуучу менен жеткирүү.
  7. Аккредитив боюнча документтерди аткаруучу/тастыктоочу банкка көрсөтүү. Документтердин аткаруучу банк тарабынан текшерилиши, аккредитивдин шартына толугу менен шайкеш келген шартта төлөм бенефициардын пайдасына төлөнөт.
  8. Аккредитив боюнча документтерди банк-эмитентке жөнөтүү жана банк-эмитенттин аткаруучу банкынан алуу
  9. Аккредитив боюнча документтерди сатып алуучуга берүү