DemirBank Европа Реконструкциялоо жана Өнүктүрүү Банкы тарабынан иштелип чыккан Кыргызстандагы KyrSEFF туруктуу энергиясын каржылоо Программасы менен биргеликте энергоэффективдүү долбоорлорду жайылтуунун жаңы каржылык мүмкүнчүлүктөрүн ачат.

DemirBank "Кирешелуу" насыясынын бизнес үчүн артыкчылыктары

Бизнести модернизациялоо
  • заманбап жабдуу сатып алуу
  • сапаттын жакшыртылышы
  • кирешенин жакшыртылышы
Грант алуу

Насыя суммасынан 10% дан 15% га чейин-долбоордун масштабына жана тибине жараша.

Акысыз техникалык жардам жана консультациялар

Электр энергиясын керектөөнү оптималдоо боюнча мүмкүнчүлүктөрдү аныктоо жана комплекстүү чечимдерди жайылтуу.


Насыя суммасы 300 000 АКШ долларына чейин
Улуттук валюта (сом) менен пайыздык коюм % 22% жылдык пайыздык коюм (баштап)* (Эффективдүү пайыздык коюм 25,33%)
АКШ доллары менен менен пайыздык коюм % 15% жылдык пайыздык коюм (баштап)* (Эффективдүү пайыздык коюм 16,84%)
Кредитти берүү үчүн акы

берилген насыянын суммасынан 1 – 4%

Грант насыя суммасынан 15% чейин

Максат: Алдын ала бекитилген жабдууну сатып алуу жана орнотуу (тизмесин www.kyrseff.kg веб-сайтынан табууга болот):

  • жылытуучу мештер;
  • кондиционерлер;
  • терезелер, эшиктер, жылуулук изоляциялар;
  • компрессорлор;
  • инфракызыл газ жылыткычтары;
  • күн энергиясы менен суу жылыткычтар.
Насыя суммасы 1 000 000 АКШ долларына чейин
Улуттук валюта (сом) менен пайыздык коюм % 20% жылдык пайыздык коюм (баштап)* (Эффективдүү пайыздык коюм 22,85%)
АКШ доллары менен менен пайыздык коюм % 13% жылдык пайыздык коюм (баштап)* (Эффективдүү пайыздык коюм 14,51%)
Кредитти берүү үчүн акы берилген насыянын суммасынан 1 – 4%
Грант Насыя суммасынан 15%-га чейин

Максат: Энергетикалык көрсөткүчтөрдү жакшыртууну камсыздоочу технологияларга жана жабдууларга инвестициялар:

  • энерго сыйымдуу технологиялык процесстердин жабдуусун алмаштыруу жана модернизациялоо;
  • аба компрессорлоун алмаштыруу;
  • мештерди алмаштыруу;
  • кыймылдаткычтарды жана түтүктөрдү алмаштыруу;
  • өзгөрүлмөлүү ылдамдыгы менен иштеткичти орнотуу;
  • буу бөлүштүрүү системасын реконструкциялоо;
  • электр энергиясын бөлүштүрүү системасын модернизациялоо
  • имараттарда энергия менен жабдуу чараларын ишке киргизүү.

Калыбына келүүчү энергия булактары менен байланыштуу инвестициялар – калыбына келүүчү энергия булактарын колдонуучу технологияларды жана системаларды, жабдууларды сатып алуу жана орнотуу:

  • Чакан гидроэлектростанциялар;
  • Күн энергиясы менен суу жылыткычтар;
  • Биомассаны жагуу системалары;
  • Шамал турбиналары;
  • Биогаз менен иштөөчү кыймылдаткычтар;
  • Геотермалдык жылуулук түтүктөрү.
Насыянын максаты:

Инвестициялык долбоорлор – энергия жаатындагы майнаптуу чечимдерге инвестициялар

Зайымчыларга (карыз алуучуларга) талаптар:

  1. 3 айдан кем эмес убакыттан бери аракетте болгон бизнесинин болушу;
  2. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык каттоодон өткөн болуусу;
  3. бизнесинин банктын бөлүмү бар аймакта болуусу;
  4. долбоордун энергетикалык эффективдүүлүк критерийлерине ылайык келиши.
Зарыл болгон документтердин тизмеси:

Насыя жана грант алуу үчүн документтердин стандарттуу топтомунан тышкары бекитилген жабдууну жеткирүүдөн/ куроодон мурда тиешелүү документти көрсөтүү(даярдоо) керек: жумуштун техникалык өзгөчөлүктөрүн, канчага баалангандыгын көрсөткөн тиешелүү документацияны бекитилген жабдуучунун(мекеменин) фирмалык бланкында даярдалган тиешелүү документти көрсөтүү керек.

Эгер суроолор пайда болсо, анда банктын бөлүмдөрүнөн эксперттерин ар дайым байланыша аласыз.