КРУБнын ноталарынын чыгарылышы Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкты тарабынан акча-кредиттик политиканы реализациялоо максатында ишке ашат. КРУБнын ноталары акча-кредиттик политиканын аспабы болуп акча массасынын түзүлүшүн жана анын көлөмүн жөнгө салуу үчүн КРУБ тарабы аркылуу колдонулат. КРУБнын бир нотасынын номиналдык баасы – 10 000 (он миң) сом. КРУБнын ноталары кайрылып келүү мөөнөтү 7, 14, 28 күн болгон дисконттук баалуу кагаз болуп келет. КРУБнын ноталары кагаз эмес түзүлүштө чыгарылат.


КРУБнын Ноталарынын өзгөчөлүктөрү:

  • Эмитент – КРУБ
  • Бир нотанын номиналдык баасы – 10 000 сом
  • КРУБ ноталарынын кайрылып келүү мөөнөтү боюнча: 7 күндүк, 14 күндүк, 28 күндүк болуп бөлүнөт
  • Жайгаштыруу КРУБы тарабынан өткөрүлгөн аукциондордун негизинде ишке ашат. 7 күндүк, 14 күндүк, 28 күндүк Ноталар боюнча аукциондор негизинен ар бир шейшемби күндөрү өткөрүлүп турат
  • КРУБнын ноталары 1998-жылдан бери чыгарылат
  • Ноталар боюнча милдеттенмелерди аткаруу КРУБ тарабынан өз убагында жана толук көлөмдө өткөрүлөт
  • Шаршемби күндөрү (7 күндүк, 14 күндүк, 28 күндүк) Ноталардын эмиссиясы.
  1. Банк менен Агенттик келишим түзүү.
  2. Cатып алуу/ сатуу(Билдирмени тапшыруу менен Кардар келишимге керектетилген акча каражаттарынын/ баалуу кагаздарынын жетиштүү экендигин ырастайт) боюнча билдирмени толтуруу.
  • Жайгаштыруу КРУБ тарабынан өткөрүлгөн аукциондун негизинде ишке ашат. Аукцион ар бир шейшемби күнү өткөрүлөт.*
* - Ушул күндөр дем алыш күндөр болуп жарыяланган күндөрдөн тышкары