Мамлекеттик Казыналык Векселдер (МКВ) бул – документсиз түрдө чыгарылган, жана кайрылып келүү мөөнөтү 3, 6, жана 12 айдан турган дисконттук баалуу кагаздар. МКВнин негизги эмиссиялык максаты Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинин дефицитин финансылоо. МКВни жайгаштыруу дисконт менен номиналдык баасынан азайтылган баада, ал эми аны жоюу номиналдык баада ишке ашырылат. Бир МКВдин номиналдык баасы – 100(жүз) сом.

DemirBank Кыргыз Республикасынын мамлекеттик баалуу кагаздар базарында алгачкы дилер болуп келет, ушундан улам МКВ менен болгон базар-инвестициялык операциялар боюнча иштөөдө кардарларына ири кызматтарды тартуулап келет. МКВ бул – КРнын Өкмөтүнүн КРнын Улуттук Банкы тарабынан жайгаштырылган карыздык баалуу кагаздар.


Артыкчылыктары:

  • МКВ КРнын Өкмөтү тарабынан кепилденген, жана КРнын тобокелдик жаратпаган баалуу кагаздары болуп эсептелет
  • МКВ КРнын баалуу кагаз базарында система түзүүчү жана эң эле өтүмдүү болгон финансылык аспап, жана ошондой эле КРнын көбүнчө финансылык институттар тарабынан бийик даражадагы ишеничти багынтып келет
  • Экинчилик базардын бар болушу Сизге төп келген шашылыш мөөнөттө МКВны сатып алууга, жана ошондой эле Сизге каражат керек болуп калып, каалаган убакта сатып салууга өбөлгө түзөт.
  1. Банк менен Агенттик келишим түзүү.
  2. МКВни сатып алуу/ сатуу(Билдирмени тапшыруу менен Кардар келишимге керектетилген акча каражаттарынын/ баалуу кагаздарынын жетиштүү экендигин ырастайт) боюнча билдирмени толтуруу.
  • Жайгаштыруу КРУБ тарабынан өткөрүлгөн аукциондун негизинде ишке ашат. Аукцион ар бир жума күнү өткөрүлөт.*
  • Эмиссия (жайгаштыруу) ар бир дүйшөмбү күнү ишке ашат.*
  • МКВ боюнча милдеттенмени аткаруу КРнын ФМи тарабынан өз убагында жана толук көлөмдө ишке ашырылат.

* - Ушул күндөр дем алыш күндөр болуп жарыяланган күндөрдөн тышкары

МКВ кайра кайрылып келүү мөөнөттөрү 3, 6, жана 12 ай болуп келет да, документсиздик формада чыгарылат. МКВнин жайгаштырылышы дисконт менен номиналдык баадан азайтылган баада ишке ашырылат, жокко чыгарылышы – номиналдык баада. Бир МКВнин номиналдык баасы – 100 (жүз) сом. Киреше сатып алуу баасы менен сатуунун айырмасынын негизинде түзүлөт.