Акча которууларды улуттук валютада мындайча ишке ашыра аласыз:

- Банктын бөлүмдөрүндө (КЛИРИНГ, ГРОСС, банктын ичиндеги которуулары)

- Интернет-банкинг системасы аркылуу (КЛИРИНГ, ГРОСС, банктын ичиндеги которуулар).  “Толук" режим опциясын орнотуу шартында


Которууну ишке ашыруу үчүн:

  • Сиз Банкта эсеп-чотко ээ болушуңуз керексиз
  • Өзүңүздүн эсеп-чотуңузду которуу суммасына жана комиссия толукташыңыз керек (КЛИРИНГ, ГРОСС системалары аркылуу которууда)
  • Төлөмдү ишке ашыруу үчүн керектүү реквизиттерди камсыз кылуу (которууларды Банктын бөлүмдөрү аркылуу жүргүзсөңүз).

КЛИРИНГ - Кыргыз Республикасынын аймагындагы акча которуу системасы. Жөнөтүүчүнүн эсептешүү эсебинен алуучунун эсептешүү эсебине жүргүзүлөт.

Улуттук валютада акча которуулары Бир төлөм буйругу үчүн комиссиясы
Банктын филиалдары/сактык кассалары аркылуу клиринг убагында саат 9:00 дон 11:00 го чейин жүргүзүлгөн төлөмдөр* 5 000 сомго чейин - 5 сом,
5 001 сомдон 100 000 сомго чейин - 55 сом, 100 001 сомдон 500 000 сомго чейин - 75 сом, 500 000 сомдон жогору - 100 сом
Интернет Банкинг аркылуу клиринг убагында саат 9:00 дон 11:45 ке чейин жүргүзүлгөн төлөмдөр 5 000 сомго чейин - 5 сом,
5 001 сомдон 100 000 сомго чейин - 50 сом, 100 001 сомдон 500 000 сомго чейин - 60 сом, 500 000 сомдон жогору - 70 сом  

*Клиринг боюнча бир төлөм тапшыруусунун суммасы – 1 000 000 сомго чейин.

ГРОССтун клирингден болгон айырмасы төлөмдөрдүн ылдамдыгында жана көлөмүндө. Тактап айтканда, ири жана шашылыш түрдөгү төлөмдөргө колдонулат

Улуттук валютада акча которуулары Бир төлөм буйругу үчүн комиссиясы
Гросс сааттары убагында Бишкек убактысы боюнча саат 9:00 дон 15:00 го (майрам алды күндөрү 14:00 го) чейин жүргүзүлгөн төлөмдөр 165 сом
Интернет Банкинг аркылуу гросс сааттары убагында Бишкек убактысы боюнча саат 9:00 дон 16:00 го (майрам алды күндөрү саат 15:00 го) чейин жүргүзүлгөн төлөмдөр 150 сом 

*Гросс боюнча бир төлөм тапшыруусунун суммасы – чектөөсүз

DemirBank ичиндеги акча которууларынын жардамы менен Сиз акча каражаттарыңызды тез которо аласыз:

- DemirBankта ачылган өздүк эсептешүү эсептеринин арасында, анын ичинде кредиттик картанын карызын жоюу;

- өздүк эсептешүү эсептеринен үчүнчү жактардын DemirBankта ачылган эсептешүү эсептерине.

Банк ичиндеги акча которуулар
Банктын бөлүмдөрү аркылуу, кардардын эсептеринин арасында (09:00 до 17:00) акысыз
Банктын бөлүмдөрү аркылуу, үчүнчү жактардын эсептерине (09:00 до 17:00) 50 сом
Интернет-Банкинг аркылуу -  күнү-түнү жана дем алыш жана майрам күндөрүалардын ичинде акысыз