Интернет-банкингдин "Толук режиминде" опциясы, Сизге интернет аркылуу DemirBankтагы эсебиңиз боюнча керектүү операцияларды дүйнөнүн ар кайсы жеринен жасоого мүмкүнчүлүк берет, тактап айтканда:

  • Эсеп боюнча калдыктарды жана кыймылдарды онлайн режиминде текшерүү
  • Акча каражаттарынын кыймылынын тарыхын басып чыгаруу
  • Архив жасап жана анда төлөм тапшырууларын/эсеп боюнча көчүрмөлөрдү сактоо
  • Насыя калькуляторунун жардамы менен өзүңүзгө ыңгайлуу насыя боюнча төлөмдү эсептөө
  • Керектүү күндөгү Банктын жана Улуттук банктын валюта курстары боюнча маалымат алуу
  • Эсеп/тер боюнча көчүрмөлөрдүн электрондук жөнөтүүгө жазылуу

Негизги артыкчылыктары:

  • 170 тен ашык кызмат түрүнө төлөө (уюлдук байланыш, коммуналдык кызматтар, интернет жана башка көптөгөн кызматтар)
  • Валюта алмаштыруу опреациялары ((Банк тарабынан коюлган лимиттердин чегинде)
  • Кредиттик карта боюнча карызды жоюу  
  • Өздүк эсептерге жана үчүнчү жактардын DemirBankтагы эсептерине банк ичиндеги акча которуулар
  • Клиринг жана гросс эсеп системалары аркылуу үчүнчү жактардын башка коммерциялык банктардагы эсептерине улуттук валютада акча которуулар (ошондой эле Сиздин келечектегидатасы менен төлөм тапшырууларын жасоого мүмкүнчүлүгүңүз бар).
  • Ар кайсы убакта "Стандарт" мөөнөттүү аманатын ачуу/жабуу, Банк тарабынан коюлган мөөнөттүү аманат боюнча пайыздык чендер боюнча маалымат.
  • Интернет-Банкинг аркылуу салыктарды төлөө
  • Виртуалдуу кредиттик картасын ачуу..

Е-токен- ар бир системага кирүү учурунда жаңы сыр сөз чыгарып, кошумча коопсуздук камсыздоочу желбирөөч (ИНТЕРНЕТ-БАНКИНГГЕ улануу учурунда бир жолу төлөнөт) – Банкка кайрылуу менен туташса болот.

же

Бир жолку СМС сыр сөз   (БС) – жаңы, Интернет-Банкингге кирүү үчүн коопсуздуктун 4-деңгээли. БС Интернет-банкингге киргенде автоматтык турдө жасалып чыгат, Сиз 6 сандан турган сыр сөздү СМС-билдирүү түрүндө Банкта катталган уюлдук телефон номериңизге аласыз.
Эми Интернет-Банкингде системанын суроосу боюнча сыр сөздү алмаштыруу керек эмес!
2015-жылдын 1-октябрынан тартып Интернет-Банкингдин "Толук режимине" бир жолку сыр сөздү же Е-Токенди колдонуусуз кирүүгө мүмкүн болбойт.