DemirBank SWIFT төлөмдөрүн жүргүзөт – чет өлкө ваалютасындагы (АКШ доллары, ЕВРО, орус рубли, кытай юани, казак тенгеси) акча каржаттарын дүйнөнүн каалаган жерине которуу. SWIFT – эл аралык банктардын арасындагы акча которуулар системасы.

Ошондой эле, Банк тарабынан акча которуунун эки түрү сунушталат: " OUR" жана "BEN".
- OUR - корреспондент банктын комиссиясы жөнөтүүчү тарабынан төлөнөт.
- BEN - корреспондент банктын комиссиясы акча которуунун суммасынан алынат.

Сиз чет өлкө валютасында акча которууларын Банктын бөлүмдөрүнөн (банк ичиндеги акча которуулар) жана Банктын банкоматтарынан (банк ичиндеги акча которуулар) жасай аласыз.


Үзгүлтүксүз акча которуулары (эсеп бар болгон учурда))
Акча каражаттарын алуу
  1. DemirBankка эсеп ачуу жана реквизиттерди алуу үчүн кайрылуу. Эсеп бар болгон учурда, DemirBankка реквизиттерди алуу үчүн кайрылуу же реквизиттерди бул жерден  ; көчүрүү;
  2.  Ушул маалыматты акча каражаттарын жөнөтүүчүгө берүү;
  3. Реквизиттергде сөзсүз түрдө алуучунун толук аты-жөнү жана банк эсебинин номери (алына турган акча каражаттардын валютасында) көрсөтүлүүсү зарыл;
  4. Акча которуусу келген соң DemirBankка кайрылып, инсандыгын тасытктаган документти көрсөтүү менен бирге акча которууну алуу.
Акча каражаттарын жөнөтүү
  1. DemirBankка эсеп ачуу үчүн паспорт менен кайрылуу, эсепти акча которуунун жана комиссиянын суммасына толуктоо;
  2. Акча которууга арыз толтуруу, тиешелүү комиссияны төлөгөн соң акча которууну жөнөтүү.
SWIFT акча которууларынын аткарылуу мөөнөтү, негизинен – 3 банк күнү.

Банк ичиндеги акча которууларынын жардамы менен Сиз акча каражаттарыңызды тез которо аласыз:

- DemirBankта ачылган өздүк эсептешүү эсептеринин арасында, анын ичинде кредиттик картанын карызын жоюу;

- өздүк эсептешүү эсептеринен үчүнчү жактардын DemirBankта ачылган эсептешүү эсептерине.

Банк ичиндеги акча которуулары:
Ар кандай валютада (эсепти жүргүзүү валютасында):
Банктын бөлүмдөрү аркылуу, кардардын эсептеринин арасында акысыз
Банктын бөлүмдөрү аркылуу, үчүнчү жактардын эсептерине 120 сом
Интернет-Банкинг аркылуу акысыз
DemirBank банкоматтары аркылуу акысыз

Үйдөн тез акча которуулар!

DemirBankтан Visa жана MasterCard карталарынын бардык ээлери эми Zolotaya Korona тез аркылуу акча которууларды ала алышат.

Бул үчүн төмөнкүлөр зарыл:

  • 1. KoronaPay акысыз мобилдик тиркемесин жүктөп алыңыз
  • 2. Толук маалыматыңызды киргизиңиз: толук аты-жөнү жана телефон номери
  • 3. Картага которууну алуу баскычын басыңыз
  • 4. Банктык картанын номерин көрсөтүү (16 орундуу картанын номери)
  • 5. Карточкага кошуу баскычын чыкылдатыңыз
  • 6. Даяр

Толук көрсөтмөлөр видеодо.