ПОС-терминал - сатуу жана кызмат көрсөтүүчү жайларда товарлар/кызматтар үчүн карта менен төлөөнү өткөрүү үчүн таайын жабдуу;

DemirBank КРда ПОС-Терминалдардын саны боюнча лиделикти сактап келүүдө, бүгүнкү күндө ПОС-Терминалдардын саны 1753 даананы түздү, алардан 310 даанасы PayWave технологиясы менен тийүүсүз иштөөчү ПОС-Терминалдар.

DemirBank карталары менен ПОС-Терминалдар аркылуу накталай эмес түрдө төлөөнүн кошумча артыкчылыктары –   жеңилдетүүлөрдү жана бонустарды алуу.

Эгерде Сиз өздүк бизнес ээси болсоңуз,  сатуу оборотун көбөйтүү үчүн,каалаган убакта DemirBankтын бөлүмдөрүнүн бирине келишим түзүү жана ПОС-Терминал орнотуу үчүн кайрылууңуз зарыл.

  • Төлөм карталарыңызды ишенимдүү эмес соода жана кызмат көрсөтүү жайларында пайдаланбаңыз.
  • Төлөм картасы менен операцияларды Сиздин катышууңуз менен гана өткөрүлүүсүн талап кылыңыз. Андай чаралар, Сиздин картада көрсөтүлгөн жеке маалыматыңыздын мыйзамсыз түрдө алынуу коркунучун азайтуу максатында.
  • Төлөм картасын товарларга жана кызматтарга төлөө үчүн пайдаланган учурда, кассир картанын ээсинен ПИН-кодду киргизүүнү жана дүмүрчөккө кол коюуну талап кылышы мүмкүн. ПИН-кодду киргизүүдөн алдын, жаныңыздагы адамдардын көрө албай турганын текшериңиз. Дүмүрчөккө кол коюудан алдын, сөзсүз түрдө дүмүрчөктө көрсөтүлгөн сумманы текшериңиз.