2016-жылдын 28 январында DemirBank Visa дебеттик жана кредиттик карталарынын кодонуучуларынын интернет аркылуу төлөмдөрдү коопсуз өткөрүүсү үчүн 3D Secure технологиясын ишке киргизди. 3D Secure технологиясына бардык Visa Electron, Visa Classic, Visa Gold, Visa Platinum и Visa Business карталарынын колдонуучулары автоматтык түрдө туташтырылды. 3D-Secure технологиясына туташуу АКЫСЫЗ!

Интернет-төлөмдөрдүн коопсуздугун камсыздоо максатында бардык DemirBank карталары 3D-Secure кызматына туташтырылган. Бул технологияны колдогон сайттарда операцияларды жүргүзгөн учурда картанын колдонуучусу ар бир транзакцияны эң жогорку даражадагы коопсуздукту камсыздоочу өзгөчө сыр сөз менен тастыктоого мүмкүнчүлүк алат. Сыр сөз SMS-билдирүү түрүндө, карта колдонуучунун банкта катталган уюлдук телефон номерине жөнөтүлөт. 

Көңүл бургула:

  • интернет аркылуу товарлар/кызматтар үчүн төлөмдөрдү жүргүзүүгө жеткилик ачык*.

(*) интернет аркылуу товарлар/кызматтар үчүн төлөмдөрдү жүргүзүүгө жеткилик жабуу үчүн, Банкка кйрылып арыз толтурууңуз же customercare@demirbank.kg электронук дарегине кат жөнөтүүңүз зарыл. Электрондук сурооңузга жооп катары Сизге жеткилик ачууга арыз формасы жөнөтүлөт. 

МААНИЛҮҮ! Электрондук дарегиңиз жана уюлдук телефон номериңиз Банктын маалымат базасында каттоодо болуусу зарыл. 

  1. Картанын колдонуучусу 3D-Secure технологиясын колдогон сайт аркылуу товар/кызматка буюртма берет жана интернет-дүкөн тарабынан суралган картанын реквизиттерин киргизет.
  2. Бардык керектелген картанын реквизиттерин киргизген соң, операцияны тастыктоо үчүн бир жолку сыр сөздү киргизүү суралат. Ал сыр сөз автоматтык түрдө DemirBank тарабынан СМС-сообщения түрүндө банкта катталган уюлдук телефон номерге жөнөтүлөт. Сыр сөз, сөзсүз түрдө картанын реквизиттерин киргизгенден соң, интернетте операция жүрүп жаткан мезгилде келет жана аны бир жолу гана иштетүүгө мүмкүн.
  3. Алынган сыр сөздү атайын кутучага киргизиңиз жана төлөмдүн өтүүсүн тастыктаңыз. Сиздин картаңыздан акчанын алынуусу жана сатып алууну төлөө, туура сыр сөздү киргизген учурда гана ишке ашырылат. Эгер СМСти 3 минута ичинде албаган болсоңуз, тиешелүү “Сыр сөздү кайра жөнөтүү” баскычын басуу жолу менен жаңы сыр сөз суроого мүмкүн. Бирок, жаңы сыр сөзду 2 жолу гана суроого мүмкүн. Бир жолку сыр сөздү 3 жолу туура эмес киргизген учурда, сиздин операцияңызды өткөрүүгө бөгөт коюлат. Картаңызды бөгөттөн чыгаруу үчүн, күнү-түнү иштөөчү кардарларды колдоо кызматына төмөнкү номерлер аркылуу кайрылсаңыздар болот::+996 312 610 610, 610 613, 2222.

МААНИЛҮҮ! 3-D Secure технологиясын колдонуу мүмкүнчүлүгү, Сиздин учурдагы жергиликтүү уюлдук операторлор (Beeline, Megacom, O!) тарабынан тейленүүчү уюлдук телефон номериңиз Банктын маалымат базасында бар болгон учурда гана берилет. Ошондуктан, Банктын каалаган бөлүмүнө кат түрүндөгү арыз менен кайрылып, уюлдук телефон номерлериңиздин өзгөрүүсү тууралуу өз убагында маалымат берүүңүздөр зарыл.

Сатып алуунун 3D Secure технологиясы аркылуу өтүп жатканынын өзгөчө белгиси – бул интернет-дүкөндүн сайтындагы Verified by Visa логотипи.

  • Дүйңо жүзүндөгү карталар менен болгон алдамчылык операцияларынын көбөйүүсүн эске алып, биз Сиздерге төмөнкү VISA карталарын пайдалануу боюнча сунуштарды колдонууну суранабыз.
  • Жаңы картаны алган учурда, картаңыздын арт жагындагы атайын кол тамга үчүн болгон жайда кол коюңуз.
  • Картаңыз жоголгон/уурдалган, картаңыздын маалыматтарына шек келтирилген учурларда, Сиздин картаңыз боюнча уруксаты жок операциялар тууралуу СМС-билдирүүлөр келген учурда, Сиз тез арада күнү-түнү иштөөчү кардарларды колдоо борборуна чалып, Банкка кабар берүүңүз жана картаңызга бөгөт коюуңуз зарыл.
  • Картаңызды/анын ПИН-кодун жат адамдарга бербөөңүз жана картаңыздын номерин/коопсуздук кодун (CVV2 – картаңыздын арт жагындагы үч сандан турган код) жат адамдарга айтпооңуз зарыл. ПИН-кодду картаңызда жазбаңыз жана карта мене бирге сактабаңыз, ПИН-кодду эстеп калуу зарыл.
  • Эске тутуңуз, ПИН-кодуңуз, өздүк маалыматыңыз айкын болуп калган, картаңыз жоголгон/уурдалган учурда, Сиздин банктагы эсебиңизден жат адамдар тарабынан уруксатсыз акча алып чыгаруу коркунучу пайда болот.
  • Эске тутуңуз, Банк кызматкерлери Сизден эч качан телефон/электрондук почта/СМС аркылуу картаңыздын ПИН-кодун/коопсуздук кодун (CVV2) сурабайт.
  • Эң азы бир айда бир жолу эсебиңиздеги акча каржаттардын кыймылын Интернет-Банкинг системасы аркылуу текшерип туруңуз.
  • Чет өлкөдө сапарда жүргөн учурда картаңыз менен пайдаланган болсоңуз, сапардан келгенден кийинки эсебиңиздеги операцияларга өзгөчө көңүл буруңуз.
  • Сиздин картаңыз боюнча шектүү операциялар жүргөн учурда Банктын Сиз менен телефон/электрондук почта/СМС аркылуу байланышууга мүмкүнчүлүгү болуусу үчүн, өз байланышуу маалыматыңызды жаңылап туруңуз.
  • Банк эсебиңизден акча каражаттарын чыгаруу боюнча мыйзамсыз операциялардын алдын алуу максатында, сатып алууларды интернет аркылуу төлөөдө Виртуалдык карта менен колдонууну сунуштайбыз. Виртуалдын карта кредиттик картаңыз бар болгон учурда гана ачылат. Кредиттик картанын лимити виртуалдык картанын лимимтине барабар болот.
  • Интернет аркылуу операцияларды өткөрүүдө, интернет-дүкөндүн коопсуздугун текшериңиз; Ишенимдүү гана сайттардын кызматтарын колдонуңуз жана интернет аркылуу сатып алууларды өздүк компьютериңизден гана жасаңыз, сатып алууларды интернет-кафелерден жасабаңыз, себеби андай жерлерде шпиондук программалар орнотулган болушу мүмкүн.
  • Интернет-операциялардын коопсуз өтүшү үчүн, төлөмдөрдү 3D-Secure коопсуздук технологиясын колдогон сайттар аркылуу өткөрүүнү сунуштайбыз.
  • Операцияларыңызды коопсуз жайларда орнотулган банкоматтарда жүргүзүңүз
  • Эгерде банкоматтын жанында жат адамдар бар болсо, банкоматты колдонууга ыңгайлуураак болгон убакытты тандаңыз же башка банкомат менен колдонуңуз.
  • Банкоматты колдонуудан алдын, банкоматтын түзүлүшүнө туура келбеген, ПИН-кодду жазуу үчүн жекарта кабыл алуу үчүн болнгон жерлеринде жайгашкан жабдуулардын бар болуусун (мисалы, туура эмес орнотулган Пин-код жазуу үчүн клавиатуранын бар болуусун) текшериңиз. Андай жабдуулардын бар болуусу аныктаган учурларда ал банкоматты колдонуудан баш тартыңыз.
  • ПИН-кодду жаныңыздагы адамдар көрө албай тургандай түрдө жазыңыз. ПИН-кодду жазууда клавиатураны колуңуз менен бекитиңиз.
  • Эсиңизде тутуңуз, эгерде ПИН-кодуңузд 3 жолу туура эмес киргизсеңиз, картаңыз бөгөттөлүп калат. Картаңызды бөгөттөн чыгаруу үчүн, күнү-түнү иштөөчү кардарларды колдоо кызматына төмөнкү номерлер аркылуу:+996 312 610 610, 610 613, 2222; же customercare@demirbank.kg электрондук дареги аркылуу кайрылсаңыз болот.

Маанилүү! Сиздин электрондук дарегиңиз Банктын маалымат базасында катталган болушу зарыл.

  • Төлөм карталарыңызды ишенимдүү эмес соода жана кызмат көрсөтүү жайларында пайдаланбаңыз.
  • Төлөм картасы менен операцияларды Сиздин катышууңуз менен гана өткөрүлүүсүн талап кылыңыз. Андай чаралар, Сиздин картада көрсөтүлгөн жеке маалыматыңыздын мыйзамсыз түрдө алынуу коркунучун азайтуу максатында.
  • Төлөм картасын товарларга жана кызматтарга төлөө үчүн пайдаланган учурда, кассир картанын ээсинен ПИН-кодду киргизүүнү жана дүмүрчөккө кол коюуну талап кылышы мүмкүн. ПИН-кодду киргизүүдөн алдын, жаныңыздагы адамдардын көрө албай турганын текшериңиз. Дүмүрчөккө кол коюудан алдын, сөзсүз түрдө дүмүрчөктө көрсөтүлгөн сумманы текшериңиз.
  1. Картаңыздын иштөө мөөнөтүн текшериңиз
  2. Картаңыз боюнча негизги эсебиңиздин валютасын текшериңиз
  3. ПИН-кодуңузду унутуп калбооңузга толук ишеничте болуңуз
  4. Чет өлкөгө чыгаардан алдын, картаңыз менен өз жериңизде пайдаланып көрүңүз
  5. Кайсы суммага эсеп алууну так билишиңиз үчүн, негизги эсебиңиздеги калдыкты (дебеттик карта) жана кредиттик картаңыздын лимитин текшериңиз.
  6. Акча каражаттарын сарптоонун күнүмдүк лимиттери менен  бул жерден* таанышып чыгыңыз.
  7. Эгерде Сиз уюлдук телефон номериңизди алмаштырган болсоңуз, сөзсүз түрдө өзүнүздүн жеке маалыматыңызга өзгөртүү киргизүү үчүн Банктын жакынкы бөлүмүнө кайрылыңыз.
  8. 16. Эгерде Сиз жогорку деңгээлдеги коркунучу бар өлкөлөрдүн бирине барууну пландаштырсаңыз, картаңыз боюнча накталай акча каражаттарын алууга жеткилик ачуу үчүн Банкка кат түрүндөгү арыз менен кайрылууңуз зарыл.
    Жогорку деңгээлдеги коркунучу бар өлкөлөрдүн тизмеси:
    VISA эл аралык төлөм системасындагы карталар үчүн: Индонезия
    Mastercard эл аралык толом системасындагы карталар үчүн: Индонезия 

* Күнүмдүк лимитти чоңойтуу зарыл болгон учурда, Банкка кат түрүндөгү арыз менен кайрылыңыз/күнү-түнү иштөөчү кардарларды колдоо кызматына төмөнкү номерлерге чалыңыз:+996 312 610 610, 610 613, 2222;/customercare@demirbank.kg электрондук дарегине кат жазыңыз.

Маанилүү! Сиздин электрондук дарегиңиз Банктын маалымат базасында катталган болушу зарыл.