Соода эквайринги бул - сатып алуучулардан акча каражаттарын товарга / тейлөөгө болгон төлөмдү банктык карталар аркылуу кабыл алуу жолу.

Банктык карталар товар жана тейлөөгө болгон ири таралган төлөм формасы болуп жана ошондой эле накталай акчаны активдүү түрдө алмаштырып келе жатат. DemirBank эквайринг кызматынын базарында көп жылдык тажрыйбасы бар, процессинг борбору бар жана адистер тобу бар эквайер-банк болуп келет.

2016-жылы эл аралык төлөм Visa системасынын РayWave  аттуу жаңы продуктусунун көргөзмөсү өттү. Берилген технология сатып алууларды байланышсыз функция менен иштеткен POS-терминалдары бар бардык соода-сатык ишканаларда бат, ыңгайлуу жана тобокелсиздиксиз төлөөнү камсыз кылат. Мындай POS-терминалдарды Visa картасы менен колдонууда пин-кодду киргизүү жана операцияны кол коюу менен ырастаганга кереги да жок болуп калат. Visa payWave ээлерине бир гана ушундай POS-терминалдын бетине картаны жакындатуу керек болуп калат. Visa РayWave  бул – минимум аракет жана максимум ыңгайлуулук.

DemirBank менен иштешүү сиздин бизнесиңиздин өсүшүнөө бөлгөтүзөт!



Сатуу бөлүмдөрүндө POS-терминаларды колдонуунун артыкчылыктары 

Эсеп үчүн сиздин ишканаңыздын кардарларынын санынын жана жүгүртүлүшүнүн көбөйүшү:
  • Жаңы кардарларды тартуу, башкача айтканда банктык карталардын ээлерин
  • Сатып алуунун орточо көлөмүнүн көтөрүлүшү
  • Кардарлар накталай акчанын суммасы менен чектелбеген
  • Карталардын ээлери пландалбаган сатып алууларга жеңилирээк барат.
Төлөмдөрдүн коопсуздугу жана ыңгайлуулугу :
  • Жасалма банкотторго жана алдамчылыкка башка коркунуч туудурбайсыз
  • Кассада болгон накталай акча азыраак
  • Карта менен иштөө алда канча оңой жана ыңгайлуу
  • Кассага болгон кезек азыраак, себеби, кассир кайтымды кайрып берүүгө убакыт сарптабайт
  • Инкассацияга болгон чыгымдардын кескиндеши
  • Кассада болгон майда акчаны кайра эсептөө жана накталай акча менен болгон операциялардын санынын кыскарышы
  1. Ишкана билдирмени толтурат да, банк менен эквайринг келишимине кол коет
  2. DemirBank картаны кабыл алуучу жабдууну жайгаштырат да, ошондой эле персоналды төлөм карталарды кабыл алуу боюнча окуу жүргүзөт
  3. Сатып алуучу сатып алынуучу нерсеге төлөш үчүн картаны берет
  4. Операциянын ишке ашырылыш бир мүнөттөн ашык эмес
  5. Эсептин ишке ашырылышы үчүн комиссиянын алынышынан тышкары акча каражаттарынын ишкананын эсеп-чотуна которулушу

DemirBank банктык карталардын ээлерине биргелешкен партнердук программаларды сунуш кылат.