Талаптар
✅ Бул роль үчүн сиз идеалдуу талапкер экениңиздин себептери:
- Билими - маалыматтык технологиялар жана/же маалыматтык коопсуздук жаатындагы жогорку техникалык билим же маалыматтык технологиялар жана/же маалыматтык коопсуздук жаатындагы билимин жана компетенциясын тастыктоочу сертификаты менен жогорку экономикалык билим;
- Маалыматтык технологиялар жана/же маалыматтык коопсуздук жаатындагы жана/же маалыматтык технологиялар жана/же маалыматтык коопсуздук аудити жаатында финансылык жана/же экономикалык тутумдарда 3 жылдан кем эмес жана/же банк тутумунда 2 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана башка ченемдик укуктук актыларын, КРУБдун банк ишин жана маалыматтык технологиялар жана/же маалыматтык коопсуздук жаатындагы банктык тобокелдиктерди башкарууну жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларын билүү;
- Ички аудиттин Кесиптик Практикасынын Эл аралык Негиздерин, Банктардагы Ички аудиттин Эл аралык стандарттарын билүү жана түшүнүү, маалыматтык технологияларды жана/же маалыматтык коопсуздукту башкаруу процесстерин куруу жаатындагы Эл аралык стандарттарды билүү;
- Англис тилин билүү (жазуу жана оозеки) – мүмкүн болсо.
🔧 Сиздин ролуңуз эмнени камтыйт:
- Маалыматтык технологиялар жана алардын процесстеринин, ошондой эле маалыматтык коопсуздук маселелери боюнча банктын процесстерине жана бөлүмдөрүнө Аудит жүргүзүүнүн жылдык планынын долбоорун даярдоого сунуштарды киргизүү жана катышуу;
- Маалыматтык технологияларды жана алардын процесстерин, ошондой эле банктын маалыматтык коопсуздук маселелери боюнча бөлүмдөрүн жана процесстерин аудитордук текшерүүнүн программаларын даярдоо, алардын чөйрөсүн жана камтылышын аныктоо;
- Маалыматтык технологияларга, жана алардын процесстерине, ошондой эле маалыматтык коопсуздук маселелери боюнча банктын бөлүмдөрүнө жана процесстерине аудит жүргүзүү үчүн техникалык ыкмаларды, жаны методикаларды жана практикаларды издөө жана издөөнү камсыз кылуу;
- Маалыматтык технологиялардын жана алардын процесстеринин ички контроль тутумунун, ошондой эле маалыматтык коопсуздук маселелери боюнча банктын бөлүмдөрүнүн жана процесстеринин адекваттуулугуна, натыйжалуулугуна Банктын ички саясатын, жол-жоболорун жана башка документтерин изилдөө жана талдоо аркылуу аудит жүргүзүү жана баалоо;
- Маалыматтык технологиялардын жана алардын процесстеринин, ошондой эле маалыматтык коопсуздук маселелери боюнча банктын бөлүмдөрүнүн жана процесстеринин натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган сунуштамаларды иштеп чыгуу;
- Маалыматтык технологияларга, жана алардын процесстерине, ошондой эле маалыматтык коопсуздук маселелери боюнча банктын бөлүмдөрүнө жана процесстерине аудит жүргүзүүгө өз учурунда даярдануу жана Бөлүм башчыга жана Аудит боюнча комитетке отчет берүү;
- Маалыматтык технологияларга, жана алардын процесстерине, ошондой эле маалыматтык коопсуздук маселелери боюнча банктын бөлүмдөрүнө жана процесстерине аудиттин жыйынтыгы боюнча бекитилген иш-чаралар планынын аткарылышына мониторинг жүргүзүүнү камсыз кылуу;
- Башкармалыктын мүчөлөрүнүн өтүнмөсү боюнча демилгеленген ички териштирүүлөргө жана Банктын Аудит боюнча комитети менен макулдашууга катышуу;
- Ички аудит бөлүмүнүн максаттары менен милдеттерин аткарууну камсыз кылуу үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкынын ченемдик укуктук актыларына маалыматтык технологияларга жана алардын процесстерине, ошондой эле маалыматтык коопсуздук маселелери боюнча банктын бөлүмдөрүнө жана процесстерине аудит жүргүзүү бөлүмүнө сереп;
- Маалыматтык технологияларга, жана алардын процесстерине, ошондой эле маалыматтык коопсуздук маселелери боюнча банктын бөлүмдөрүнө жана процесстерине аудит жүргүзүү менен байланышкан башка иш аракеттерди жүзөгө ашыруу.
Биз сунуштайбыз:
- Эл аралык банктын бир бөлүгү болуу мүмкүнчүлүгү;
- Пикирлештердин динамикалык командасында иштөө;
- Кесиптик өсүү жана идеяларыңызды ишке ашыруу үчүн мейкиндик;
- КР ЭК ылайык ишке орноштуруу;
- Эмгек акы шарттары жеке тартипте талкууланат;
- Ыктыярдуу медициналык камсыздандыруу;
- Шаардын борборундагы заманбап кеңсе;
- 5/2 иштөө графиги, кеңседе иштөө.
Management Training стажировка программасы
Келечектеги жетекчи катары карьераңызды баштаңыз
