Талаптар

  • Экономикалык жогорку билим (магистр даражасы шарт);
  • Банк тармагында адистиги боюнча кеминде 3 жылдык иш тажрыйбасы;
  • Англис тилин билүүсү артыкчылык болуп саналат;
  • Банктык ишмердүүлүктү жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын, анын ичинде КРУБдун (НБКР) ченемдик документтерин билүү, Ички аудиттин кесиптик практикасынын эл аралык негиздерин (IPPF), банктардагы Ички аудиттин эл аралык стандарттарын түшүнүү, Финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарын (ФОЭС/IFRS) билүү.

🔧 Сиздин ролуңуз эмнени камтыйт:

  • Банктын процесстерин жана бөлүмдөрүн аудитордук текшерүү программасын даярдоо;
  • Бизнес-процесстерге, филиалдардын жана банктын башка түзүмдүк бөлүмдөрүнүн ишмердүүлүгүнө аудит жүргүзүү;
  • Процесстерди изилдөө, документтерди текшерүү, банктын отчетторун талдоо аркылуу ички контролдоо тутумунун шайкештигин жана натыйжалуулугун баалоо, ошондой эле банктын ички контролдоо тутумунун натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган сунуштарды иштеп чыгуу;
  • Аудиттин жыйынтыктары камтылган отчетту даярдоо жана аны бөлүм башчысына, Башкармалыктын мүчөлөрүнө жана тиешелүү бөлүмдөрдүн жетекчилерине талаптагыдай сунуштоо;
  • Банктын бөлүмдөрү тарабынан кемчиликтерди четтетүү жана Ички аудит бөлүмүнүн сунуштарын аткаруу боюнча иш-чаралардын пландарынын аткарылышына мониторинг жүргүзүү;
  • Бөлүм башчысынын жетекчилиги астында, тышкы көзөмөл, банкты комплекстүү жана максаттуу текшерүүлөрдүн алкагында КРУБ менен иш алып барууну жана өз ара аракеттенүүнү координациялоо;
  • Банктын жетекчилиги тарабынан суралган, банктын ишмердүүлүгүнө байланыштуу ички иликтөөлөргө жана атайын текшерүүлөргө катышуу же аларды өткөрүү;
  • Аудит боюнча комитет жана Банктын Директорлор кеңеши үчүн Ички аудит бөлүмүнүн ишмердүүлүгү боюнча мезгилдүү отчеттуулукту даярдоого катышуу;
  • Аудит учурунда аудиторлор командасынын ишин координациялоо;
  • Купуялуулукту так сактоо жана Аудиторлордун эл аралык жүрүм-турум кодексинин (этикалык ченемдеринин) эрежелерин кармануу.

Биз сунуштайбыз:

  • Эл аралык банктын бир бөлүгү болуу мүмкүнчүлүгү;
  • Пикирлештердин динамикалык командасында иштөө;
  • Кесиптик өсүү жана идеяларыңызды ишке ашыруу үчүн мейкиндик;
  • КР ЭК ылайык ишке орноштуруу;
  • Эмгек акы шарттары жеке тартипте талкууланат;
  • Ыктыярдуу медициналык камсыздандыруу;
  • Шаардын борборундагы заманбап кеңсе;
  • 5/2 иштөө графиги, кеңседе иштөө.

Кызмат орундарына кайрылуу

upload icon

Резюмени PDF же Word форматында жүктөңүз

Management Training стажировка программасы

Келечектеги жетекчи катары карьераңызды баштаңыз

Management Training Internship Program тууралуу көбүрөөк билүү

Стажировка окутууну жана банк ишине толук аралашууну айкалыштырат. Катышуучулар банк процесстери кандай иштээрин, продукттар жана санарип кызматтар кандай түзүлөрүн үйрөнүшөт, чечим кабыл алууну, командаларды башкарууну жана долбоорлор менен иштөөнү өздөштүрүшөт. Күчтүү эксперттердин менторлугу тез жана ишенимдүү өнүгүүгө жардам берет.

Кененирээк маалымат
Management Training Internship Program тууралуу көбүрөөк билүү