Талаптар
- Билими: Маркетинг, экономика, каржы же ушул сыяктуу тармактарда жогорку билим;
- Иш тажрыйбасы: Продакт-менеджер, CVM (кардарлардын баалуулугун башкаруу) же санариптик маркетинг боюнча адис ролунда кеминде 2 жылдык иш тажрыйбасы;
- B2B өнөктөштөрдү, соода-тейлөө ишканаларын (онбординга мерчант) тартуу тажрыйбасы ;
- Маркетингди автоматташтыруу аспаптары менен иштөө тажрыйбасы;
- Долбоорлорду башкаруунун күчтүү көндүмдөрү;
- Англис тили: Жогорку деңгээлде билүү талап кылынат (Advanced/Fluent);
- Түрк тили: Эркин сүйлөө же жумушчу деңгээлде ишенимдүү билүү артыкчылык болуп саналат.
Милдеттери:
- Максаттуу кампанияларды иштеп чыгуу жана ишке киргизүү: Кардарлардын катышуусун (Engagement) жогорулатууга, кардарларды кармап калууга (Retention) жана алардын кетүүсүн (Churn Rate) минималдаштырууга багытталган маркетингдик кампанияларды долбоорлоо, толук башкаруу жана оптималдаштыруу;
- Сегментация жана персоналдаштыруу: Банктын кардарлар базасы менен иштөө, микросегменттерди бөлүү жана аналитикалык маалыматтардын негизинде триггердик, персоналдык сунуштарды жөндөө;
- Коммуникацияларды автоматташтыруу: Маркетингди автоматташтыруунун ички куралдарын колдонуу менен банктын жеткиликтүү каналдары аркылуу кардарлар менен өз ара аракеттенүү сценарийлерин жөндөө, тестирлөө жана автоматташтыруу;
- Ко-брендингдик программаларды башкаруу: Стратегиялык ко-брендингдик долбоорлорду өнүктүрүүгө жана ыкчам коштоого түздөн-түз катышуу. Негизги өнөктөштөр менен узак мөөнөттүү, өз ара пайдалуу мамилелерди куруу, банктын карта ээлери үчүн биргелешкен эксклюзивдүү акцияларды, арзандатууларды жана кэшбэк программаларын макулдашуу;
- Үзгүлтүксүз каржылык жана маркетингдик талдоо: Өткөрүлгөн кампаниялардын натыйжалуулугун талдоо, инвестициялардын акталышын (ROI), кардарды тартуу жана кармап калуу баасын эсептөө;
- Перформанс-метрикалардын мониторинги: Сектордун натыйжалуулугунун негизги көрсөткүчтөрүн (KPI) контролдоо: конверсия воронкасы, Churn Rate динамикасы, өнөктөштүк тармагындагы транзакциялык жүгүртүүнүн көлөмү.
Management Training стажировка программасы
Келечектеги жетекчи катары карьераңызды баштаңыз
