Талаптар
✅ Эмне үчүн сиз бул кызмат ордуна ылайыктуусуз:
- Жогорку экономикалык билим;
- Банк чөйрөсүндө 1 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы артыкчылык болуп саналат;
- ПК, MS Office (өзгөчө MS Excel, PowerPoint) мыкты иштөө көндүмдөрү;
- Англис тилин билүү (окуу, жазуу);
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдык жана башка ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын банк ишин жөнгө салуучу ченемдик документтерин билүү;
- Финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарын билүү жана түшүнүү.
- CAP/CIPA сертификаттарынын болушу артыкчылык болуп саналат.
🔧 Сиздин ишиңиз төмөнкүлөрдөн турат:
- Банктын жетекчилиги үчүн атайын финансылык жана аналитикалык отчетторду, ошондой эле презентациялык материалдарды даярдоого катышуу;
- Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо агенттиги, Банктын кредиторлору жана башка тышкы колдонуучулар үчүн отчетторду даярдоого катышуу;
- Бюджеттөө процессине жана бюджеттин аткарылышын талдоого катышуу;
- Банктын Бизнес-планын иштеп чыгууга катышуу;
- Банктын тышкы аудитин өткөрүү учурунда тышкы аудиторлорго көмөк көрсөтүү;
- Финансылык көзөмөл бөлүмүнүн жетекчисинин башка тапшырмаларын аткаруу.
Management Training стажировка программасы
Келечектеги жетекчи катары карьераңызды баштаңыз
