Талаптар
✅ Бул роль үчүн сиз идеалдуу талапкер экениңиздин себептери:
- Жогорку билим (математика, информатика, экономика, каржы, киберкоопсуздук же чектеш багыттар)
- Антифрод-аналитика, дооматтарды жөнгө салуу, маалыматтык коопсуздук жаатында 1 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы
- Excel (Power Query, Power BI), SQL инструменттерин колдонуу менен чоң көлөмдөгү маалыматтар менен иштей билүү
- КР мыйзамдарын жана КРУБдун алдамчылыктын алдын алуу, маалыматтарды коргоо жана санариптик коопсуздук жаатындагы талаптарын билүү
- Англис тилин билүү intermediate деңгээлинен төмөн эмес
- Антифрод платформалары, скоринг системалары менен иштөө тажрыйбасы артыкчылык болуп саналат
🔧 Сиздин ролуңуз эмнени камтыйт:
- Кардарлардын транзакцияларына, аномалияларына жана инциденттерине антифрод платформасынын инструменттерин колдонуу менен мониторинг жүргүзүү
- Аныкталган аномалияларды жана инциденттерди талдоо, бекитилген иш-аракеттердин шаблондоруна ылайык окуялардын тобокелдик деңгээлин классификациялоо же кайра классификациялоо
- Инциденттердин базасын түзүү үчүн аныкталган шектүү окуяларды документтештирүү
- Алдамчылык схемаларынын жана аналитикалык тыянактардын негизинде мониторингдин эрежелерин, моделдерин жана сценарийлерин оңдоо боюнча сунуштарды түзүү
- Антифрод платформасынын ишин уюштуруу боюнча техникалык тапшырмаларды, талаптарды жана документацияны даярдоо
- Антифрод платформасынын ишинин алкагында Вендор менен өз ара аракеттенүү
Биз сунуштайбыз:
- Эл аралык банктын бир бөлүгү болуу мүмкүнчүлүгү;
- Пикирлештердин динамикалык командасында иштөө;
- Кесиптик өсүү жана идеяларыңызды ишке ашыруу үчүн мейкиндик;
- КР ЭК ылайык ишке орноштуруу;
- Эмгек акы шарттары жеке тартипте талкууланат;
- Ыктыярдуу медициналык камсыздандыруу;
- Шаардын борборундагы заманбап кеңсе;
- 5/2 иштөө графиги, кеңседе иштөө.
Management Training стажировка программасы
Келечектеги жетекчи катары карьераңызды баштаңыз
