Талаптар
✅ Бул роль үчүн сиз идеалдуу талапкер экениңиздин себептери:
- Экономика, финансы, менеджмент, маалыматтык технологиялар же чектеш багыттар боюнча жогорку билим;
- Төлөм карттары чөйрөсүндө кеминде үч жылдык иш тажрыйбасы;
- Банктык төлөм карттарын чыгаруу жана аларга кызмат көрсөтүү боюнча банктык ишмердүүлүктү жөнгө салуучу КР мыйзамдарын жана башка ченемдик укуктук актыларын, КРУБдун (НБКР) ченемдик документтерин билүү;
- VISA жана MasterCard эл аралык төлөм тутумдарынын технологияларын билүү;
- IT жана кросс-функционалдык командалар менен өз ара аракеттенүү тажрыйбасы;
- Бизнес-талаптарды, техникалык тапшырмаларды, долбоордук документтерди жана презентациялык материалдарды даярдоо көндүмдөрү;
- Долбоорлорду пландоо, тапшырмаларды коюу, көзөмөлдөө жана тобокелдиктерди башкаруу көндүмдөрү;
- Жаңы өнүмдөрдү, кызматтарды тестирлөөдөн өткөрүүнү уюштуруу жана ишке киргизүү көндүмдөрү;
- Өнүмдүк жана долбоордук башкаруу принциптерин, Agile/Scrum же башка ыкмаларды билүү;
- Көп милдеттүүлүк (мультизадачтуулук) шарттарында иштөөгө жана бир эле учурда бир нече долбоорду координациялоого даярдык;
- Лидерлик сапаттар, команданы башкаруу билгичтиги;
- Англис тилин эркин билүү.
🔧 Сиздин ролуңуз эмнени камтыйт:
- Банктын карттык өнүмдөрүн өнүктүрүү боюнча долбоорлорду уюштуруу жана башкаруу;
- Жаңы карттык өнүмдөрдүн, кызматтардын жана функционалдык мүмкүнчүлүктөрдүн концепцияларын иштеп чыгууга катышуу;
- Жаңы өнүмдөргө, өзгөртүүлөргө жана жакшыртууларга карата талаптарды чогултуу жана талдоо;
- Бизнес-талаптарды, долбоордук документтерди жана презентациялык материалдарды даярдоо;
- Долбоордук пландарды иштеп чыгуу жана жүргүзүү, мөөнөттөрдү, статустарды жана негизги этаптардын аткарылышын көзөмөлдөө;
- Пландар жана KPI көрсөткүчтөрү менен иштөө;
- Карттык өнүмдөрдү жана кызматтарды иштеп чыгуу, толуктап иштеп чыгуу, интеграциялоо жана киргизүү маселелери боюнча IT-бөлүмдөрү менен өз ара аракеттенүү;
- Жаңы долбоорлорду киргизүүгө же иштеп жаткандарын жаңылоого байланыштуу тесттерди өткөрүүгө катышуу жана аларды көзөмөлдөө.
Биз сунуштайбыз:
- Эл аралык банктын бир бөлүгү болуу мүмкүнчүлүгү;
- Пикирлештердин динамикалык командасында иштөө;
- Кесиптик өсүү жана идеяларыңызды ишке ашыруу үчүн мейкиндик;
- КР ЭК ылайык ишке орноштуруу;
- Эмгек акы шарттары жеке тартипте талкууланат;
- Ыктыярдуу медициналык камсыздандыруу;
- Шаардын борборундагы заманбап кеңсе;
- 5/2 иштөө графиги, кеңседе иштөө.
Management Training стажировка программасы
Келечектеги жетекчи катары карьераңызды баштаңыз
