Талаптар
🔧 Сиздин жумушуңуз эмнелерден турат:
- Тейлөө сапатын көзөмөлдөө;
- Калибрлөө сессияларын өткөрүү;
- Каталардын себептерин талдоо;
- Байланыш борборунун (ББ) жетекчилерине сунуштамаларды даярдоо;
- Кардарлардын даттанууларын талдоо;
- Аналитикалык отчетторду даярдоо;
- Операторлорду окутууга катышуу;
- Сапатты көзөмөлдөө тутумун өнүктүрүү.
✅ Эмне үчүн сиз бул кызматка эң ылайыктуусуз:
- Жогорку билим (экономика, менеджмент, каржы же башкаруу багыттарына артыкчылык берилет);
- Байланыш борборунда (контакт-центрде) 3–5 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы, анын ичинде 2 жылдан кем эмеси тейлөө сапатын көзөмөлдөө бөлүмүндө жана 1 жылдан кем эмеси жетекчилик кызматта;
- Тейлөө сапатын баалоо тутумун куруу же өнүктүрүү, баалоо методологиясын, чек-листтерди, регламенттерди жана тейлөө стандарттарын иштеп чыгуу боюнча практикалык тажрыйба;
- Байланыш борборлорунун натыйжалуулугунун негизги көрсөткүчтөрүн (SLA, FCR, CSAT, NPS, Service Level, AHT ж.б.), кардарларды тейлөө сапатын баалоо принциптерин билүү жана калиброо сессияларын өткөрүү тажрыйбасы;
- Кардарлардын кайрылууларын талдоо, аналитикалык отчеттуулукту даярдоо жана тейлөө сапатын жогорулатуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу тажрыйбасы;
- Microsoft Excel тутумун ишенимдүү билүү; Power BI, CRM-тутумдарын жана байланыш борборлорунун платформаларын (Webitel, Creatio, Cisco ж.б.) билүү артыкчылык болуп саналат;
- Өнүккөн аналитикалык жөндөмдөр, системалуу ой жүгүртүү, майда-чүйдөсүнө чейин жогорку кунт коюучулук, объективдүүлүк, мыкты коммуникативдик жана уюштуруучулук көндүмдөр, каршы пикирлер (возражения) менен иштей билүү жана бөлүмдөр менен натыйжалуу өз ара аракеттенүүнү куруу жөндөмү.
Биз эмнени сунуштайбыз:
- Эл аралык банктын бир бөлүгү болуу мүмкүнчүлүгү;
- Пикирлештердин динамикалуу командасында иштөө;
- Кесиптик өсүү жана идеяларыңызды ишке ашыруу үчүн мейкиндик;
- КР Эмгек кодексине ылайык ишке орноштуруу;
- Атаандаштыкка жөндөмдүү эмгек акы;
- Ыктыярдуу медициналык камсыздандыруу;
- Шаардын борборундагы заманбап офис;
- Иш графиги 5/2, офисте иштөө.
Потенциалыңызды ишке ашырыңыз жана күчтүү команданын бир бөлүгү болуңуз!
Management Training стажировка программасы
Келечектеги жетекчи катары карьераңызды баштаңыз
