Талаптар
Биз күтөбүз:
- Экономика, финансы, банк иши, менеджмент же тиешелүү багыттар боюнча жогорку билим;
- Банк тармагында кеминде 3 жылдык иш тажрыйбасы;
- Ипотекалык продуктылар, продукт-менеджмент, чекене банктык бизнес же банктык продуктыларды өнүктүрүү багытында кеминде 2 - жылдык иш тажрыйбасы;
- Банктык продуктыларды иштеп чыгуу, ишке киргизүү жана коштоо тажрыйбасы;
- Ипотекалык кредиттөө, банктык продуктылар жана кызмат көрсөтүүлөр, продукт-менеджмент жана финансылык талдоо боюнча билим;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларын билүү;
- Microsoft Excel, Word, PowerPoint, Outlook жана CRM-системаларын ишенимдүү колдонуу (Power BI, Tableau же башка BI-инструменттерин билүү артыкчылык болуп саналат);
- Аналитикалык ой жүгүртүү, финансылык моделдер менен иштөө жана продуктылардын натыйжалуулугун баалоо жөндөмү;
- Мыкты коммуникациялык көндүмдөр, демилгелүүлүк, жоопкерчилик жана натыйжага багытталуу.
Сиздин милдеттериңиз:
- Банктын ипотекалык продуктыларын иштеп чыгуу, ишке киргизүү жана коштоо;
- Ипотекалык кредиттөө рыногун талдоо, атаандаштардын сунуштарын изилдөө жана продуктулардын түрлөрүн өнүктүрүү боюнча сунуштарды даярдоо;
- Кардарлардын ар кандай сегменттери үчүн жаңы ипотекалык программаларды, атайын сунуштарды жана акцияларды иштеп чыгуу;
- Ипотекалык кредиттөөнүн шарттарын, анын ичинде пайыздык чендерди, комиссияларды, карыз алуучуларга коюлуучу талаптарды, кредиттөө мөөнөттөрүн жана башка параметрлерди түзүү жана жаңылоо;
- Жаңы продуктылардын финансылык моделдерин, бизнес-кейстерин жана натыйжалуулугун баалоо боюнча эсептөөлөрдү даярдоо;
- Ипотекалык бизнестин негизги көрсөткүчтөрүн талдоо жана продуктылардын натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
- Өнөктөштүк сатуу каналдарын өнүктүрүү, өнөктөштүк программаларды коштоо жана биргелешкен маркетингдик демилгелерди координациялоо;
- Ипотекалык кредиттөө процесстерин автоматташтырууга катышуу, бизнес-талаптарды түзүү жана IT-команда менен өз ара аракеттенүү;
- Ипотекалык продуктылар боюнча ички ченемдик документтерди, регламенттерди жана жол-жоболорду иштеп чыгуу;
- Ипотекалык продуктыларды иштеп чыгуу, ишке киргизүү жана коштоо маселелери боюнча Банктын түзүмдүк бөлүмдөрү менен кызматташуу;
- Жаңы продуктылар жана процесстердеги өзгөрүүлөр боюнча кызматкерлерди жана өнөктөштөрдү окутууну уюштуруу;
- Жетекчилик үчүн башкаруучулук отчетторду, аналитикалык материалдарды жана презентацияларды даярдоо; Ипотекалык продуктыларды өз убагында ылайыкташтыруу максатында мыйзамдардагы жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик актыларындагы өзгөрүүлөргө мониторинг жүргүзүү; Ипотекалык кредит алуу процессинде кардарлардын тажрыйбасын жакшыртууга багытталган санариптик сервистерди өнүктүрүүгө катышуу.
Биз сунуштайбыз:
- Эл аралык банктын бир бөлүгү болуу мүмкүнчүлүгү;
- Кесипкөй командада иштөө жана Банктын негизги багыттарынын бирин өнүктүрүүгө салым кошуу мүмкүнчүлүгү;
- Кесиптик жана карьералык өсүү мүмкүнчүлүктөрү;
- Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине ылайык ишке орноштуруу;
- Атаандаштыкка жөндөмдүү эмгек акы;
- Ыктыярдуу медициналык камсыздандыруу;
- Шаардын борборунда жайгашкан заманбап кеңсе;
- 5/2 иш графиги.
Management Training стажировка программасы
Келечектеги жетекчи катары карьераңызды баштаңыз
