Талаптар
Талаптар:
- Маалыматтык технологиялар, маалыматтык коопсуздук, банк иши, финансы, экономика же тиешелүү багыттар боюнча жогорку билим;
- Маалыматтык технологиялар, маалыматтык коопсуздук, IT аудит же IT жана маалыматтык коопсуздук тобокелдиктерин башкаруу тармагында кеминде бир жылдык иш тажрыйбасы. Коммерциялык банктарда иш тажрыйбасынын болушу артыкчылык болуп саналат;
- IT жана маалыматтык коопсуздук тобокелдиктерин аныктоо, баалоо, жөнгө салуу жана мониторинг жүргүзүү негиздерин, ошондой эле контролдоо чараларынын натыйжалуулугун баалоо принциптерин билүү;
- COBIT, ISO/IEC 27001, ISO/IEC 27005 жана ISO 31000 стандарттарынын негизги принциптери жана ыкмалары менен тааныш болуу;
- Ишмердүүлүктүн үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылуу жана калыбына келтирүү негиздерин, ISO 22301 стандартын билүү. Business Continuity Institute (BCI) сунуштарын билүү артыкчылык болуп саналат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана башка ченемдик укуктук актыларын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (КРУБ) IT жана маалыматтык коопсуздук тобокелдиктерин башкаруу, маалыматтык коопсуздукту камсыз кылуу, жеке маалыматтарды коргоо жана ишмердүүлүктүн үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылуу боюнча ченемдик документтерин билүү;
- Англис тилин Intermediate деңгээлинде билүү.
Сиздин милдеттериңиз:
- Банктын бекитилген методологиясына ылайык маалыматтык технологиялар (IT) жана маалыматтык коопсуздук боюнча тобокелдиктерди аныктоо, баалоо, аларды жөнгө салуу жана мониторинг жүргүзүү процесстерин координациялоо;
- Жооптуу түзүмдүк бөлүмдөр тарабынан IT жана маалыматтык коопсуздук тобокелдиктеринин реестрин жүргүзүүгө көмөктөшүү, тобокелдиктерди азайтуу боюнча иш-чаралар пландарын иштеп чыгууну координациялоо жана алардын аткарылышына мониторинг жүргүзүү;
- Өзүнө жүктөлгөн ыйгарым укуктардын чегинде ишмердүүлүктүн үзгүлтүксүздүгүн башкаруу процессин координациялоо: бизнеске тийгизген таасирин талдоого (BIA), ишмердүүлүктүн үзгүлтүккө учурашынын тобокелдиктерин баалоого, ишмердүүлүктүн үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылуу жана IT системаларын калыбына келтирүү пландарын иштеп чыгууга жана жаңыртууга көмөктөшүү;
- Ишмердүүлүктүн үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылуу жана калыбына келтирүү пландары боюнча машыгууларды жана тестирлөөлөрдү уюштурууга жана өткөрүүгө көмөктөшүү, алардын жыйынтыктарын талдоо жана түзөтүүчү иш-чаралардын аткарылышына мониторинг жүргүзүү;
- Тобокелдиктер боюнча маалыматтарды талдоо жана жооптуу түзүмдүк бөлүмдөр менен биргеликте Банктын жетекчилиги жана тиешелүү комитеттери үчүн IT, маалыматтык коопсуздук тобокелдиктери жана ишмердүүлүктүн үзгүлтүксүздүгү боюнча отчетторду даярдоо;
- IT жана маалыматтык коопсуздук тобокелдиктерин башкаруу, ошондой эле ишмердүүлүктүн үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылуу боюнча ички методологияларды, саясаттарды жана жол-жоболорду иштеп чыгууга жана жаңыртууга катышуу.
Биз сунуштайбыз:
- КР ЭК ылайык ишке орноштуруу;
- Атаандаштыкка жөндөмдүү эмгек акы;
- Өзүн-өзү көрсөтүү жана профессионалдык маалыматтарды өнүктүрүү үчүн кеңири мүмкүнчүлүк;
- Шаардын борборундагы заманбап кеңсе.
- Иштөө графиги 5/2 саат 09: 00 дөн 18:00 гө чейин.
Management Training стажировка программасы
Келечектеги жетекчи катары карьераңызды баштаңыз
