Талаптар
✅ Бул роль үчүн сиз идеалдуу талапкер экениңиздин себептери:
- Экономика, финансы, банк иши же менеджмент багытында жогорку билим;
- Банк тармагында кеминде 5 жылдык иш тажрыйбасы;
- ЧОБ, корпоративдик же жеке кардарлар үчүн банктык өнүмдөрдү өнүктүрүү тажрыйбасы;
- Кредиттик өнүмдөрдү, эсептешүү-кассалык тейлөөнү, комиссиялык кызматтарды, соода каржылоосун жана санариптик тейлөө каналдарын түшүнүү;
- Долбоорлорду жана командаларды башкаруу тажрыйбасы;
- Аналитикалык ой жүгүртүү, стратегиялык көз караш жана чечим кабыл алуу жөндөмү;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын талаптарын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын билүү;
- Англис тилин билүү артыкчылык болуп саналат.
🔧 Сиздин ролуңуз эмнени камтыйт:
- Чакан жана орто бизнес (ЧОБ) үчүн өнүмдөрдү өнүктүрүү стратегиясын аныктоо;
- Жаңы өнүмдөрдү ишке киргизүү — идеядан жана рынокту изилдөөдөн баштап, аларды рынокко ийгиликтүү чыгарууга чейин;
- Учурдагы кызматтарды өркүндөтүп, кардар үчүн процессти жөнөкөй, тез жана ыңгайлуу кылуу;
- Рынокту, кардарлардын муктаждыктарын жана эл аралык мыкты тажрыйбаларды талдоо аркылуу өсүш үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү издөө;
- Өнүмдөр боюнча адистерден турган команданы башкаруу жана анын алдына коюлган амбициялуу максаттарга жетүүсүнө көмөктөшүү;
- ИТ, тобокелдиктерди башкаруу, юридикалык коштоо, маркетинг жана бизнес бөлүмдөрү менен биргеликте ири долбоорлорду ишке ашыруу;
- ЧОБ багытындагы өнүмдөрдүн санариптик трансформациясын башкаруу;
- Натыйжаларды талдоо, маалыматтардын негизинде чечимдерди кабыл алуу жана кирешелүү өнүмдөр портфелин өнүктүрүү.
Биз сунуштайбыз:
- Эл аралык банктын бир бөлүгү болуу мүмкүнчүлүгү;
- Пикирлештердин динамикалык командасында иштөө;
- Кесиптик өсүү жана идеяларыңызды ишке ашыруу үчүн мейкиндик;
- КР ЭК ылайык расмий ишке орношууну;
- Атаандаштыкка жөндөмдүү эмгек акыны;
- Ыктыярдуу медициналык камсыздандырууну;
- Шаардын борборундагы заманбап кеңсени;
- 5/2 иш тартибин, кеңседе иштөөнү.
Management Training стажировка программасы
Келечектеги жетекчи катары карьераңызды баштаңыз
