ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР

«Демир Кыргыз Интернэшнл Банк» жабык акционердик коому (мындан ары текст боюнча – Банк) Банктын көрсөтүлүүчү кызматтарына, өнүмдөрүнө жана сервистерине карата Сиздердин кызыгууларыңыз үчүн ыраазычылык билдирет. Сиздердин жекече маалыматтарыңыздарды коргоо биз үчүн өтө маанилүү болуп саналат, ошондуктан биз Банктын Сервистерин пайдаланууда топтолуучу жана иштетилүүчү жекече маалыматтарыңыздарды коргоого өзгөчө көңүл бурабыз.

Банктын Сервистери Интернет-Банкингди/Мобилдик-Банкингди, мобилдик тиркемелерди, Интернет-Банкинг/Мобилдик-Банкинг тутумуна кирүү кодун түзүү/алмаштыруу боюнча сервисти, ошондой эле www.demirbank.kg, www.ipotekademir.kg сайтында жайгаштырылган, Банк эсебинин түзүлгөн Башкы келишиминин жана/же башка келишимдин алкагында, ошондой эле мындайларды түзбөстөн Банк менен өз ара аракеттенүүнү жүзөгө ашырууга Сизге мүмкүндүк берүүчү башка сервистерди, өнүмдөрдү, кызмат көрсөтүүлөрдү өзүнө камтып турат.

Жекече маалыматтардын купуялуулугунун жана аларды иштеп чыгуунун саясаты (мындан ары текст боюнча – Саясат) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык иштелип чыккан жана Сиздердин жекече маалыматтарыңыздын коопсуздугун камсыз кылуу, жана Банк кандай жекече маалыматтарды алаары, аларды башка адамдар менен кантип алмаштырып, кантип пайдаланары боюнча талаптарды белгилейт.

Банктын Сервистерин пайдаланууга уруксат алуу ушул Саясаттын жоболоруна Сиздин кынтыксыз макулдугуңузду туюндурат.

Ушул Саясатта Сиздин жекече маалыматтарыңыз купуялуу бойдон калуусу үчүн Сиз колдонушуңуз керек болгон негизги коопсуздук чаралары көрсөтүлгөн.

Ушул Саясат Сиз Банктын Сервистерин пайдалангандыгыңыздын натыйжасында алынган же алынуучу жекече маалыматтарга колдонулат.

ЖЕКЕЧЕ МААЛЫМАТТАРДЫ ТОПТООГО ЖАНА

ИШТЕП ЧЫГУУГА МАКУЛДУК АЛУУ

Банк Сиздин жекече маалыматтарыңызды жана Сиз тууралуу маалыматтарды Сиздин макулдугуңуз менен гана жана/же мыйзамдарда каралган учурларда топтоп, чогултат.

Көрсөтүлгөн макулдук Банк эсебинин Башкы келишиминде камтылган, ага кол коюу менен бирге, Сиз өзүңүз ал келишимге кол коюуда өз алдынча бизге берген жана Банктын Сервистерин пайдалануу процессинде Банкка жеткиликтүү болуп калган жекече маалыматтардын бардыгын топтоого, иштеп чыгууга жана өткөрүп берүүгө макулдугуңүзду бересиз. Макулдукту Сиз өзүңүз ага өз колуңуз менен кол коюп, өзүнчө документ формасында дагы же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык электрондук кол тамга коюлган электрондук документ формасында бере аласыз.

ЖЕКЕЧЕ МААЛЫМАТТАРДЫ ТОПТООНУН, ИШТЕП ЧЫГУУНУН МАКСАТТАРЫ

Банк жекече маалыматтарды төмөнкү максаттар үчүн топтойт жана иштеп чыгат:

  • Сизге финансылык, банктык кызматтарды, ошондой эле Банктын Сервистеринде жеткиликтүү болгон башка кызматтарды көрсөтүү;
  • кандай болбосун Келишимдерди Сиз менен түзүү жана аларды андан ары пайдалануу;
  • Банк тарабынан акцияларды, сурамжылоолорду, изилдөөлөрдү жүргүзүү;
  • Банктын Сервистерин пайдаланууга тийиштүү кабарламаларды, сунуштарды жана маалыматтарды жиберүү;
  • Сиздердин өтүнмөлөрүңүздөрдү, суроо-талаптарыңыздарды иштеп чыгуу;
  • Банктын Сервистеринин ишин талдоо жана жакшыртуу, Сиздерге жаңы өнүмдөрдү берүү жана чөйрөсүн кеңейтүү;
  • Банктын Сервистеринин Сиз пайдалана турган аналитикалык жана статисткалык маалыматтарын жүзөгө ашыруу;
  • Банктын Сервистерин пайдалануу менен байланышкан алдамчылык аракеттерден Сизди жана Банкты коргоо;
  • Банк алдындагы карыздарды өндүрүп алуу максатында;
  • ушул Саясатта жана Банктын айрым Сервистерин пайдалануу шарттарында көрсөтүлгөн башка максаттарда.
  • ЧОГУЛТУЛУУЧУ ЖЕКЕЧЕ МААЛЫМАТТАРДЫН ТИЗМЕГИ

    Ушул Саясатта Сиздин жекече маалыматтарыңыз катары төмөнкүлөр түшүндүрүлөт:

  • Сиз эсептик жазылууда, катталууда ж.б., ошондой эле Банктын Сервистерин пайдалануу процессинде Банкка өз алдынча берүүчү жекече маалыматтар (ААА, жынысы, электрондук почтанын дареги, телефон номери, бетинин санариптик чагылдырылышы, жашаган жери, үй-бүлөлүк абалы жана үй-бүлөсүнүн курамы, жарандыгы, улуту, ПИН/ИНН, иштеген жери, эмгек акысы жана башка кирешелери ж.б.);
  • Банктын Сервистерин пайдаланууда автоматтык түрдө берилүүчү маалыматтар, анын ичинде, бирок аны менен чектелбестен: IP-дарек, cookies, ал аркылуу кирип жаткан мобилдик түзүлүшү жөнүндө маалымат, ж.б.;
  • Банктын Сервистерин пайдаланууда Сиз жүктөгөн, анын ичинде файларда жана сүрөттөр түрүндөгү маалыматтар;
  • “Жекече мүнөздөгү маалыматтар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында аныкталгандай башка жекече маалыматтар.
  • Банктын Сервистерин пайдаланууда төмөнкү жекече маалыматтар суралып алынышы мүмкүн:

  • Сиз жөнүндө маалымат. Эсептик жазуу жүргүзүүдө жана/же катталууда жана/же Банктын Сервистерин пайдалануу процессинде Банк Сиз жөнүндө маалыматты, мисалы, ААА, жынысын, туулган датасын, жашаган дарегин, электрондук почтанын дарегин, телефон номерин, ошондой эле банктык картасынын же төлөөнүн башка электрондук каражатынын реквизиттерин сурайт. Банк, ошондой эле, кошумча маалыматты сурашы мүмкүн. Сиз өзүнчө макулдук бергенде, Банк Сиздин байланыш маалыматтарыңызга (телефондук жана/же дарек китепчесине, мобилдик түзүлүштөгү контактыларга, мисалы, Сиз акча которууларын жүргүзүүдө), сүрөттөрдөн галереясына (Сиз Банктын Сервистерин пайдаланууда сүрөттү тандоого ниеттенген учуруңузда гана), мобилдик түзүлүшүңүздүн камерасына ( мисалы, кирүү сүрөткө тартууга, кызмат көрсөтүүлөргө төлөө же которуу үчүн QR-кодду же штрих-кодду сканирлөөгө) кирүүгө уруксат алышы мүмкүн.
  • Мобилдик түзүлүш жөнүндө малымат. Банк Сиздин мобилдик түзүлүштөрүңүз жөнүндө, мобилдик түзүлүшүн модели, операциялык тутумдун версиясы, түзүлүштүн уникалдуу идентификаторлору, ошондой эле мобилдик түйүндүн маалыматтары жана мобилдик телефондун номери сыяктуу маалыматтарды чогултат. Андан сырткары, түзүлүштүн идентификатору жана мобилдик телефондун номери Сиздин эсептик жазууңузда кошулган болушу мүмкүн.
  • Жайгашкан жер жөнүндө маалымат. Сиздин мобилдик түзүлүшүңүздүн географиялык жайгашкан жеринин функциясын кармаган Банктын Сервистери Сиздин иш жүзүндө жайгашкан жериңиз тууралуу, анын ичинде мобилдик түзүлүш жиберген GPS маалыматтарын кошо, маалымат алууга мүмкүндүк берет.
  • Жүргүзүлүүчү операциялар жөнүндө маалымат. Товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө төлөө, акчаларды которуу жана башка операцияларды жасоодо, Банк жүргүзүлгөн операциялардын жери, убактысы жана суммасы, төлөө ыкмасынын түрү, сатуучу жана/же кызмат көрсөтүүнү берүүчү тууралуу маалыматтарды, эгер андайлар болсо, жүргүзүлгөн операциялардын себебинин сүрөттөлүшүн, ошондой эле жогоруда белгиленген операцияларды жасоо менен байланышкан башка маалыматтарды топтойт.
  • Сайтка киргенде алынуучу маалымат: Банктын Сервистерин пайдалануу мүмкүнчүлүгүн берүү үчүн Банк Сиздин маалыматтарыңызды колдонот.
  • Үчүнчү жактардан түшүүчү маалымат. Мындай маалымат талаптагыдай кызмат көрсөтүү, Сиздин жана үчүнчү жактардын алдындагы келишимдик милдеттерди аткаруу үүчн керек. Банк Сиз, Сиз көрсөткөн башка адамдар жөнүндө маалыматтарды камтышы мүмкүн болгон үчүнчү жак берген малыматтарды алат.
  • Банктын Сервистери аркылуу Сизге кызмат көрсөтүү үчүн Сиз берүүгө макул болгон жана/же Банк расмий булактардан же кандай болбосун үчүнчү жактардан алган, Банктын тескөөсүндө болгон Сиздин башка маалыматтарыңыз.
  • ЖЕКЕЧЕ МААЛЫМАТТАРДЫ САКТОО МӨӨНӨТҮ

    Банк Сиздин жекече маалыматтарыңызды Банктык эсептин Башкы келишимине жана/же Банк менен түзүлгөн башка келишимге, ошондой эле Сиз өзүңүз кол койгон макулдашууга ылайык аларды топтоо жана иштеп чыгуу максаттарына жетүү үчүн Банкка керектүү убакыт аралыгында, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында регламенттештирилген сактоо мөөнөтүн эске алуу менен, сактап турат.

    СИЗДИН ЖЕКЕЧЕ МААЛЫМАТТАРЫҢЫЗДЫ ҮЧҮНЧҮ ЖАКТАРГА БЕРҮҮ

    Төмөнкү учурларды кошпогондо, Сиздин жекече маалыматтарыңызды, анын ичинде Банктын Сервистерин пайдалануу менен алынган операциялар боюнча маалыматтарды Банк ачыкка чыгарбайт жана үчүнчү жактарга өткөрүп бербейт:

  • Сиз мындай аракеттерге макул экендигиңизди билдиргенсиз;
  • Сизге кызмат көрсөтүү үчүн Сиз менен түзүлгөн келишимди аткаруу үчүн берүү зарыл;
  • Өткөрүп берүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен каралган.
  • Сиз Банкка үчүнчү жактардын маалыматтарын (анын ичинде ПИН, ААА, мобилдик телефондун номери, туулган датасы жана/же жылы, электрондук почтанын дареги, жашаган жеринин дареги жана башка жекече маалыматтар) түздөн-түз же үчүнчү жактар аркылуу берүүдө, Сиз жекече маалыматтарын Банкка жана үчүнчү жактарга жекече малыматтарды коомдук жеткиликтүү маалымат булактарына жайгаштыруу укугусуз тиешелүү кызматтарды көрсөтүү үчүн топтоого, иштеп чыгууга, өткөрүп берүүгө, анын ичинде трансчекаралык берүүгө алардын макулдугун алгандыгыңызды тастыктайсыз.

    Сиз Банктын Сервистерин пайдалангандыгыңыз менен байланышкан аракеттериңиз үчүн, ошондой эле Банктын Сервистерине киргизилген жекече маалыматтардын тууралыгы жана киргизилген маалыматтардын өздүгүн ырастоочу үчүнчү жактардын документтерине шайкештиги үчүн үчүнчү жактын алдында жоопкерчиликти өз алдынча тартасыз.

    СИЗДИН УКУКТАРЫӉЫЗ

    Сиздин Банкта болгон жекече маалыматтарыңыздын тактыгын жана актуалдуулугун кармап туруу, ошондой эле эскирген жана башка так эмес же ашыкча жекече маалыматтарды алып салуу үчүн Банк аң-сезимдүү чараларды көрөт. Ошентсе да, так маалыматтарды берүүгө, ошондой эле кандайдыр-бир өзгөртүүлөр киргизилсе, маалыматтарды жаңылоого Сиз жоопкерчилик тартасыз.

    Сиз берген малыматтарды же анын кандайдыр бир бөлүгүн каалаган учуруңузда өзгөртө (жаңылоо, толуктоо) аласыз. Бизде болгон Сиздин жекече маалыматтарыңызды өзгөртүү Сиздин маалыматтарыңыздын өзгөргөнүн ырастаган документтерди берүү менен Сиздин жазуу түрүндөгү арызыңыздын негизинде, же болбосо Банктын Сервистери аркылуу (техникалык мүмкүнчүлүк бар болсо) Өзүңүз тарабынан жүргүзүлөт.

    Өзүңүздүн макулдугуңузду чакыртып алуу. Банкка жазуу түрүндө арыз жазуу менен Өзүңүздүн макулдугуңузду каалаган убактыңызда чакыртып ала аласыз. Бирок Банктын Сервистерин пайдаланышыңыз үчүн, бизге Сиздин жекече маалыматтарыңыз керектигин эске алышыңыз керек. Бул учурда Сиздин макулдугуңузду чакыртып алуу Банктын кандай болбосун кызматтарын Сизге көрсөтүүнү токтотууга алып келет. Бирок Сиздин макулдугуңузду чакыртып алуу Банктын банктык кызмат көрсөтүүлөрүнүн келишимдери боюнча Сизде пайда болгон милдеттенмелердин, анын ичинде төлөм карталарын берүү жана тейлөө жөнүндөгү келишимдердин, банктык эсептерди ачуу келишимдеринин жана депозиттердин, кредиттик келишимдердин токтотулушуна алып келбейт.

    Маалыматтарга укук. Сизге карата бизде болгон маалыматтар жөнүндө маалыматтарды алууга Сиздин укугуңуз бар. Бизге жазуу түрүндө байланышуу аркылуу өз укуктарыңызды пайдалана аласыз.

    БАНКТЫН УКУКТАРЫ

    Банк төмөнкүлөргө укуктуу:

  • Сиздин жекече маалыматтарыңызды камтыган маалыматтарды жана/же документти алууга;
  • Сиз берген жекече маалыматтарды тактоого
  • Жекече маалыматтарыңызды иштеп чыгууга макулдугуңузду чакыртып алган учуруңузда, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык Сиздин жекече маалыматтарыңызды иштеп чыгууну улантууга;
  • Банктын пикири боюнча Банктын Сервистеринин коопсуздук жол жоболору бузулган же бузуу аракети болгон учурларда, анын ичинде Банктын Сервистерин пайдалануу менен Сиздин жекече маалыматтарыңыздын жардамы менен үчүнчү жактар алдамчылык операцияларын жасоо аракетине шек жаралган учурда, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка учурларда Банктын Сервистерине кирүүнү блоктоого.
  • ЖЕКЕЧЕ МААЛЫМАТТАРДЫН КУПУЯЛУУЛУГУН САКТОО ҮЧҮН

    ПАЙДАЛАНЫЛУУЧУ КООПСУЗДУК ЧАРАЛАРЫ

    Сиздин жекече маалыматтарыңыздын коопсуздугун жана ага санкцияланбаган кирүү, өзгөртүү же жок кылуу аракетинен, ошондой эле талаптагыдай эмес пайдаланунун башка түрлөрүнөн коргоо үчүн Банк бардык мүмкүн болгон чараларды көрөт. Алсак, мүлктү уурдоо, фишинг жана алдамчылыктын башка түрлөрүн жүргүзүү максатында Банктын Сервисине санкцияланбаган кирүүгө каршы аракеттенүү үчүн Банк тарабынан маалыматтарды топтоонун, сактоонун жана иштеп чыгуунун ыкмалары дайыма жакшыртылып турат. Аларды бузгандыгы үчүн катуу жоопкерчилик чарасы колдонулган купуялуулук чөйрөсүндөгү катуу келишимдик милдеттенмелерди карап, кызматкерлердин, подрядчылардын жана агенттердин Сиздин жекече маалыматтарыңызга кирүүнү Банк чектеп коёт.

    Банктын Сервистерин пайдалануунун коопсуздугу сунуштамаларды Сиздин өзүңүздүн сактооңузга да жараша болот, ал сунушгтамалар менен төмөндө тааныша аласыз. Сиздин эсептик жазууңузду кимдир бирөө санкциялабай пайдалангандыгына шек жаралгандыгы жөнүндө Банкка дароо кабарлоого милдеттүүсүз.

    Банктын сунуштоолорун сактасаңыз, Банкка берген маалыматтарыңыздын, анын ичинде банктык картаңыздын реквизиттеринин (же башка электрондук төлөм каражатынын), жана башка жекече маалыматтардын максималдык сакталуусуна мүмкүндүк болот жана Банктын Сервистерин пайдалануу менен операцияларды жүргүзүүдө мүмкүн болуучу тобокелдиктерди төмөндөтөт.

    Банк маалыматтардын жекече маалыматтарды топтоону, жазууну, системалаштырууну, чогултууну, сактоону, тактоону (жаңылоону, өзгөртүүнү), ичинен чыгарып алууну, пайдаланууну, өткөрүп берүүнү (жайылтууну, берүүнү, кирүүнү), жаксыздандырууну, блоктоону, алып салууну, жок кылууну камтыган бардык этаптарында анын корголушун камсыз кылат жана алынган маалыматтын купуялуулугунун бузулушуна жол бербейт.

    Мыйзамдардын талаптарына ылайык маалымат тутумдарында жекече маалыматтардын коопсуз сакталышын камсыз кылуу үчүн Банк төмөнкү ыкмаларды (аны кошо, бирок аны менен чектелбестен) пайдаланат: колдонуучулардын маалымат ресурстарына, иштеп чыгуунун (өткөрүп берүүнүн) программалык каражаттарына кирүүсүн жана маалыматты коргоону чектөө; маалыматтарды шифрлөө; байланыштын корголгон каналдарын пайдалануу; маалыматты коргоо каражаттарын пайдалануу ж.б.

    Банкта маалыматтарды сактоо мөөнөттөрү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына, жекече маалыматтардын субъектилери менен Банктын келишимдик мамилелерин белгилөөчү документтерине, жана жекече маалыматтарын иштеп чыгууга субъектилердин макулдуктарына ылайык аныкталат.

    Банктын Сервистерин пайдалануу процесстеринде коопсуздукту жана Сиздин жекече маалыматтарыңызды коргоону камсыз кылуу үчүн Сиз төмөндө белгиленген сунуштоолорду, бирок аны менен чектелбестен, сакташыңыз керек:

    1) Сиз чоочун адамдарга, анын ичнде Банктын кызматчыларына логиниңизди, паролуңузду жана башка жекече маалыматтарыңызды ачып бербешиңиз керек;

    2) Сиз өзүңүздүн логиниңизди жана паролуңузду жана башка купуя маалыматтарыңызды кирүү түзүлүштөрүндө (жеке компьютерде, мобилдик телефондо ж.б.) же корголбогон башка маалымат алып жүрүүчүдө, анын ичинде эгер тиешелүү коргоо болбосо кагаз бетинде сактабашыңыз керек;

    3) Сиз мезгил-мезгили менен паролду өзгөртүп турушуңуз керек, мында атыңыз же туулган датаңыз сыяктуу коргоо деңгээли төмөн болгон паролду колдонбоңуз. Пароль тамгалардан (баш тамга жана кичине тамга), атайын символдордон жана сандардан турган комбинацияны камтышы керек.

    4) Сиз жекече малыматыңыздын купуялуулугун камсыз кылышыңыз керек, тактап айтканда, жеке маалыматыңызды (паспорттогу маалыматтарды, электрондук почтанын дарегин жана башка малыматтарды) чоочун адамдарга ачыкка чыгарбаңыз.

    5) Каталарга жана эсептер боюнча санкцияланбаган операцияларга көзөмөл жүргүзүү үчүн Сиз жүргүзүлгөн операциялардын тарыхын жана анын көчүрмөлөрүн мезгил-мезгили менен текшерип турушуңуз зарыл жана санкцияланбаган операциялардын кандай болбосун түрү жөнүндө Банкка дароо кабар беришиңиз керек;

    6) Сиз веб-барактын тууралыгын жана коопсуздугун текшеришиңиз керек, мында:

    - кандай болбосун онлайн-операция жүргүзөрдөн же жекече маалыматты берүүдөн мурун Сиз интернет-банкингдин жана Банктын башка Сервистеринин туура веб-баракчасы пайдаланылып жатканына ынанышыңыз керек. Алдамчылык максатында түзүлгөн жасалма веб-баракчалардан сактаныңыз.

    - Ресурстардын Унифицирленген Көрсөтмөлөрүнүн (URL) бар экендигин текшерип, веб-баракчанын коопсуздугуна ынануу керек, ал «https» менен башталып, интернет-браузердин статусунда корголгон биригүүнүн белгиси чыгышы керек;

    - веб-баракчанын URLин интернет-браузерге дайыма жазып, башка ишенимсиз барактарга өткөрүп жиберүүдөн же шилтемелерден качыңыз;

    - мүмкүн болсо, электрондук операцияларды жүзөгө ашыруу процессинде берилүүчү маалыматты автоматтык түрдө шифрлеген же код койгон программаны пайдалануу керек;

    7) Сиз өзүңүздүн кирүү түзүлүшүңүздү (жекече компьютер, мобилдик телефон ж.б.) санкцияланбаган кирүүлөрдөн жана зыяндуу программалардан коргошуңуз керек;

    8) Түзүлүшүңүз кыска мөөнөткө кароосуз калтырыла турган болсо дагы, ал операциялар жүргүзүлүүчү сайттан чыгышыңыз керек, жана операциялар жүзөгө ашырылып бүткөндөн кийин Банктын Сервистеринен чыгууну унутпаңыз.

    САЯСАТТЫ ӨЗГӨРТҮҮ

    Банк ушул Саясаттын жоболорун кандай болбосун убакытта жаңылоого жана ага өзгөртүүлөрдү киргизүүгө укуктуу. Саясаттын жаңы редакциясынын жоболорунда башкасы каралбаса, анын жаңы редакциясы жайгаштырылган мөөнөттөн баштап күчүнө кирет. Актуалдуу редакция менен таанышуу максатында ушул Саясатка тез-тез кайрылып турууңузду Банк сунуштайт.

    АРТКА КАЙТАРМА БАЙЛАНЫШ

    Ушул Саясат боюнча бардык сунуштарды жана маселелерди электрондук почтанын customercare@demirbank.kg дареги боюнча, же Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Чүй проспектиси 245 дарегине «Демир Кыргыз Интернэшнл Банк» жабык акционердик коомуна “Купуялуулук Саясаты боюнча суроолор жана сунуштар жана жекече маалыматтарды иштеп чыгуу” деген белги коюп, жазуу түрүндө өтүнмө жиберүү менен Банкка билдириңиз.

    Эгерде Сиз Сиздин маалыматтарыңызды иштеп чыгуу тартиби жөнүндө доо арызын бергиңиз келсе, жогоруда белгиленген даректер боюнча Банкка байланышыңызды өтүнөбүз, Банк Сиздин өтүнмөңүзгө максималдуу кыска мөөнөттүн ичинде жооп бергенге аракеттенет.