Документардык инкассо - бул макулдашуу, ага ылайык товарлар жүктөлүп сатып алуучуга жөнөтүлөт жана тиешелүү документтер(каржылык жана/же товардык- транспорттук) сатып алуучунун банкынан төлөм алуу боюнча нускамалар менен чогуу сатуучунун банкына берилет..

Документардык инкассодо сатуучу товарды жүктөп, жөнөтөт жана тратту менен документтерди банкка берет.Таза инкассодо сатуучу траттуну товардык- транспорттукдокументтерсиз берет. Таза инкассо негизги товардык келишимди(бүтүмдү) же негизги каржылык келишимди (бүтүмдү) тейлей алат.

Эгер суроолор пайда болсо, анда  банктын бөлүмдөрүнөн эксперттерин ар дайым байланыша аласыз.


Таза инскассо
ЭКСПОРТТУК
Инкассациялоо үчүн векселдерди, тратталарды жана башка төлөм документтерин кабыл алуу 0,2% (мин 100 АКШ доллары) плюс почта чыгымдары
Чектерди инкассациялоо (DemirBank чектерди инкассациялоодон баш тартууга укуктуу) ар бир чек үчүн 0,5% (мин 100 АКШ доллары)
ИМПОРТТУК
Таза инкассону авизолоо 0,1% (мин 25 АКШ доллары, макс 100 АКШ доллары)
Төлөө/акцепт үчүн финансылык документтерди (векселдерди/тратталарды, чектерди жана башка төлөм документтерин) берүү 0,1% (мин 50 АКШ доллары)
Документардык инкассо
ЭКСПОРТТУК
Инкассациялоо үчүн финансылык жана коммерциялык документтерди кабыл алуу (документтерди иштеп чыгуу жана инкассо боюнча инструкцияларды даярдоо) 0,2% (мин 100 АКШ доллары) плюс почта чыгымдары
ИМПОРТТУК
Документардык инкассону авизолоо 0,1% (мин25 АКШ доллары, макс 100 АКШ доллары)
Төмөнкүлөр боюнча документтерди берүү:
Кардардын төлөмү 0,1% (мин 50 АКШ доллары)
Кардардын акцепти 0,1% (мин 50 АКШ доллары)
Төлөмсүз (тиешелүү инструкцияга ылайык) 50 АКШ доллары
  • Ишеним берүүчү - экпортчу, сатуучу, трассант
  • Банк-ремитент - экспортчунун банкы, документтерди инкассалоочу банка инкассодо которот
  • Инкассалоочу банк – көпчүлүк учурда банк-корреспондент же банк-ремитенттин инкассону алуучу жана импортчуга документтерди көрсөтүүнү ишке ашыруучу агентинин кызматын аткарат
  • Импортчу – сатып алуучу, трассат.
  1. Сатып алуучу менен сатуучу сатуу- сатып алуу келишимин түзүшөт.
  2. Ишеним берүүчү товарды жүктөп-жөнөтүп,транспорт агенттигинен жүктөп-жөнөтүү документтерин алып, документтерди банк-ремитентке берет жана документтерди инкассодо жөнөтүүнү суранат.
  3. Банк-ремитент инкассалык табыштаманы жана документтерди инкассалоочу банкка жөнөтөт.
  4. Инкассалоочу банк импортчу менен байланышып, же төлөм жүргүзүүнү же векселди акцептөөнү суранат.
  5. Инкассалоочу банк документтерин импортчуга берет.
  6. Импортчу жүктөп-жөнөтүү документтерин алып транспорт агенттигине көрсөтөт жана товарды алат.
  7. Инкассалоочу банк төлөмдү банк-ремитентке жиберет. 
  8. Банк-ремитент экспортчуга каражат төлөп берет.