Банк кепилдиги, документардык аккредитив сыяктуу эле, милдеттерди аткарууну камсыздоонун бир жолу. Банк кепилдигинин доументардык аккредитивдин айырмачылыгы төмөндөгүдөй документардык аккредитив төлөмдү пландаштырылган шарттарга ишке ашыруунун кепилдейт,ал эми банктын кепилдиги эгерде төлөм пландаштырылган шарттарга ылайык аткарылбаган учурда жоготууларды төмөндөтөт. Банк кепилдиги аккредитив сыяктуу эле жабдуучуга акча каражаттарын берүүнү кепилдейт. Бирок кепилдик суммасы сатуучуга экинчи жак төлөм боюнча милдеттемелерин өз убагында аткарбаган учурда төлөнөт.

Банк кепилдиги сатып алуучу менен сатуучунун товарды жеткирүү жана анын акысын төлөөгө байланыштуу милдеттемелерин бир тарап аткарбай койгон учурда келип чыккан мүмкүн болуучу жоготууларын төмөндөтүү максатында каралган.

DemirBank тендердик кепилдиктерди,контрактыны аткаруу кепилдиги, авансалык төлөмдү кайтаруу, төлөм кепилдиги жана башкаларды иштеп чыгат жана тейлейт.

Эгер суроолор пайда болсо, анда банктын бөлүмдөрүнөн эксперттерин ар дайым байланыша аласыз.


Операция түрү Акысы
Гарантияны чыгарууну уюштуруу акысы гарантиянын суммасынан 0,5 % (мин 20 АКШ доллары)
100% акчалай камсыздоо берүү учурунда гарантия чыгаруу акысы кварталына 0,75% (мин 50 АКШ доллары)
Башка камсыздоо берүү учурунда гарантия чыгаруу кварталына 2%га чейин (мин 250 АКШ доллары)
Учурдагы кредиттик линиянын алкагында же 100% акчалай камсыздоо берүү учурунда гарантияны шашылыш "күн күнүнө" чыгаруу акысы стандарттык акыларга кошумча 25 АКШ доллары