Кардарлардын эсебин тейлөө менен бирге, DemirBank түрдүү мүмкунчүлүктөрдү сунуштайт:

  • Накталай же накталай эмес түрдө келип түшкөн, улуттук валютадагы жана чет өлкө валютасындагы акча каражаттарын Кардардын эсебине которуу;
  • Кардардын тапшырмасы боюнча, улуттук валютадагы жана чет өлкө валютасындагы акча каржаттарынын которууларын жана төлөмдөрдү жүргүзүү. Кардардын эсебинен төлөмдөр жана акча которуулар кардардын же тиешелүү күбөлөндүрүлгөн ишеним каты бар үчүнчү жактын тапшырмасы менен гана ишке ашырылат;
  • Кардарга эсебинен улуттук валютадагы жана чет өлкө валютасындагы акча каржаттарын берүү. Банк Кардардын эсеби боюнча бардык дебеттик операциялар, эсепте болгон сумманын чегинде гана жүргүзүлөт;
  • Кардардын талабы боюнча учурдагы эсебинин көчүрмөсүн/детализациясын берүү;
  • Эсепти пайдаланууга тактама жана ишеним кат берүү.
  • Валюта алмаштыруу операциялары..

Эсеп боюнча көчүрмө/басылма - бул, Кардардын эсебинин абалы тууралуу маалыматты камтыган жана эсеп боюнча анык бир мөөнөттөгү өткөрүлгөн операцияларды (акча каражаттарын эсепке салуу, эсептен алуу, ж.б.) чагылдырган документ.

Эсеп боюнча көчүрмө/басылма алуу үчүн, Кардар Банктын филиалдарынын бирине кайрылып Арыз жазып жана тиешелүү комиссияны төлөөсү же Интернет-Банкинг аркылуу өз алдынча эсеп боюнча көчүрмө түзүү зарыл.