DemirBankтан Интернет-Банкинг – бул Сиздин каржыларыңызды башкаруудагы мыкты ыңгайлуулукту камсыздоого багытталган Банк тейлөөсүнүн алыстан башкаруу системасы.

АРТЫКЧЫЛЫКТАРЫ:
  • АКЫСЫЗ туташуу жана абоненттик төлөөнүн жок болуусу
  • Банк эсептерине 24 саат, 7 күн бою ОНЛАЙН түрдөгү жеткилик
  • Эсептердеги калдыктарды жана эсептер боюнча кыймылдарды ТОЛУК БАШКАРУУ.
  • Банк операцияларын банк офисине байрастан, АЛЫСТАН КИРҮҮ режиминде башкаруу
  • Системанын колдонуучуларын идентификациялоонун ЗАМАНБАП ТЕХНОЛОГИЯЛАРЫ (жаңы технологиялар менен толук коопсуздук)
  • ТУТАШУУНУН ОҢОЙЛУГУ ЖАНА ЫҢГАЙЛУУЛУГУ – Банкта эсебиңиз барболгон жана арызга кол койгон учурда, Сиз системага жеткилик алуу үчүн уникалдуу сыр сөздөрү бар конверт (колдонуучунун аты, сыр сөз жана ПИН-код) аласыз. Компьютериңизге кошумча программалык камсыздоо орнотуунун зарылчылыгы жок.

DemirBank Интернет-Банкинг системасынын 2 опциясынан бирин колдонууну сунуштайт:

”Көрүү режиминде” Интернет-банкинг
”Толук режиминде” Интернет-банкинг
  • Эсеп боюнча калдыктарды жана кыймылдарды текшерүү, акча каражаттарынын кыймылынын тарыхын басып чыгаруу мүмкүнчүлүгү.
  • Акча каражаттарын конвертациялоо (бир валютаны башкасына алмаштыруу)*
  • Өздүк эсептерге жана үчүнчү жактардын DemirBankтагы жана башка коммерциялык банктардагы эсептерине акча которуулар*
  • Ар кайсы убакта "Стандарт" мөөнөттүү аманатын (пайыздары мөөнөттүн аягында төлөнөт) ачуу/жабуу, Банк тарабынан коюлган мөөнөттүү аманат боюнча пайыздык чендер боюнча онлайн режиминде жаңыланып туруучу маалымат.*
  • Насыя калькуляторунун жардамы менен өзүңүзгө ыңгайлуу насыя боюнча төлөмдү эсептөө.
  • Виртуалдуу карта ачуу (кредиттик карта бар болгон учурда).*
  • Салык төлөө*
  • 170 тен ашык кызмат түрүнө төлөө (уюлдук байланыш, коммуналдык кызматтар, интернет жана башка көптөгөн кызматтар)*

(*) Операцияларды жасоо "Толук режим" опциясында гана мүмкүн

1. Банктын ар кайсы бөлүмүндө эсептешүү эсебин ачыңыз 2. Акысыз Интернет-Банкингди туташтырууга арызга кол коюңуз, системага кирүүгө сыр сөздөрү бар конвертти алыңыз же Е-Токен сатып алыңыз 3. Система менен пайдаланып өз убакытыңызды үнөмдөңүз!