Сиз улуттук валютада акча которууларын төмөнкүлөр аркылуу жасай аласыз:

- Банктын бөлүмдөрү (КЛИРИНГ, ГРОСС, банк ичндеги акча которуулары, анын ичинде кредиттик картанын карызын жоюу)

- Интернет-банкинг (банк ичндеги акча которуулары, анын ичинде кредиттик картанын карызын жоюу). “Толук Режим опциясы туташкан шартта.

- Банктын банкоматтары (банк ичндеги акча которуулары, анын ичинде кредиттик картанын карызын жоюу)

Акча которуу жүргүзүү үчун Сизге төмөнкүлөр керек:

  • Банктагы эсептин болуусу;
  • Акча которуунун жана комиссиянын (КЛИРИНГ, ГРОСС системалары аркылуу акча которгон учурда) суммасына эсебиңизди толуктоо;
  • Төлөмду жүргүзүүгө керектелчү маалыматты берүү (Банктын бөлүмдөрү аркылуу акча которуу жүргүзгөн учурда).

КЛИРИНГ - Кыргыз Республикасынын аймагындагы акча которуу системасы. Жөнөтүүчүнүн эсептешүү эсебинен алуучунун эсептешүү эсебине жүргүзүлөт.

* КЛИРИНГ боюнча бир төлөм тапшыруусунун суммасы – 1 000 000 сомго чейин

Улуттук валютада акча которуулары 1 төлөм тапшыруусуна

КЛИРИНГ

Филиалдар/сактык кассалар аркылуу саат 9:00 дон 11:00 го чейинки клиринг убакытысында өткөрүлгөн төлөмдөр - 5 000 сомго чейин - 5 сом;
- 5 001 сомдон 100 000 сомго чейин – 50 сом;
- 100 001 сомдон 500 000 сомго чейин – 60 сом;
- 500 000 сомдон ашык - 70 сом
Интернет-Банкинг аркылуу саат 9:00 дон 11:45го чейинки клиринг убакытысында өткөрүлгөн төлөмдөр 12 сом

ГРОССтун КЛИРИНГден болгон айырмасы төлөмдөрдүн ылдамдыгында жана көлөмүндө. Тактап айтканда, ири жана шашылыш түрдөгү төлөмдөргө колдонулат.

* ГРОСС боюнча бир төлөм тапшыруусунун суммасы – чектөөсүз

Улуттук валютада акча которуулары 1 төлөм тапшыруусуна

ГРОСС

Филиалдар/сактык кассалар аркылуу саат 9:00 дон 15:00 го чейинки гросс убакытысында (майрам күндөрү саат 14:00 го чейин) өткөрүлгөн төлөмдөр 165 сом
Интернет-Банкинг аркылуу саат 9:00 дон 16:00го чейинки клиринг убакытысында өткөрүлгөн төлөмдөр (майрам алдындагы күнү саат 15:00го чейин) 165 сом

Банк ичиндеги акча которууларынын жардамы менен Сиз акча каражаттарыңызды тез которо аласыз:

- DemirBankта ачылган өздүк эсептешүү эсептеринин арасында, анын ичинде кредиттик картанын карызын жоюу;

- өздүк эсептешүү эсептеринен үчүнчү жактардын DemirBankта ачылган эсептешүү эсептерине.

Банк ичиндеги акча которуулары:
Улуттук валютада:(кыргыз сому):
Банктын бөлүмдөрү аркылуу, кардардын эсептеринин арасында акысыз
Банктын бөлүмдөрү аркылуу, үчүнчү жактардын эсептерине 15 сом
Интернет-Банкинг аркылуу акысыз
DemirBank банкоматтары аркылуу акысыз