DemirBank карталары менен интернет аркылуу төлөмдөрдү жүргүзүү үчүн (Элкарт төлөм системасынан сырткары) сизге төмөнкүлөр зарыл:

  1. DemirBankта эсебиңиз болуусу
  2. карта алуу 
  3. интернет-дүкөндүн сайтына кирип, товарды/кызматты тандап, тиешелүү маалыматты толтуруу жана төлөө*
  4. картаңыздын маалыматын жана Сиздин телефонуңузга СМС-билдирүү түрүндө келе турган бир жолку сыр сөздү киргизүү*

(*) 3D Secure технологиясын колдогон интернет-дүкөндүн сайтында төлөм жүргүзүү учурунда, Сиздин телефонуңузга (Сиздин уюлдук телефон номериңиз DemirBankта катталган болуусу зарыл) СМС-билдирүү түрүндө келе турган бир жолку сыр сөздү киргизүүңүз зарыл.


Интернет-төлөмдөрдүн коопсуздугун камсыздоо максатында бардык DemirBank карталары 3D-Secureкызматына туташтырылган. Бул технологияны колдогон сайттарда операцияларды жүргүзгөн учурда картанын колдонуучусу ар бир транзакцияны эң жогорку даражадагы коопсуздукту камсыздоочу өзгөчө сыр сөз менен тастыктоого мүмкүнчүлүк алат. Сыр сөз SMS-билдирүү түрүндө, карта колдонуучунун банкта катталган уюлдук телефон номерине жөнөтүлөт.

Көңүл бургула:

  • 3D-Secure технологиясын колдогон сайттарда операцияларды жүргүзүү үчүн, интернет аркылуу товарлар/кызматтар үчүн төлөмдөрдү жүргүзүүгө жеткилик ачуунун зарылчылыгы жок.
  • 3D Secureтехнологиясын колдобогон сайттарда операцияларды жүргүзүү үчүн, интернет аркылуу товарлар/кызматтар үчүн төлөмдөрдү жүргүзүүгө жеткилик ачуу зарыл.*

(*) интернет аркылуу товарлар/кызматтар үчүн төлөмдөрдү жүргүзүүгө жеткилик ачуу үчүн, Банкка кайрылып арыз толтурууңуз же customercare@demirbank.kg электронук дарегине кат жөнөтүүңүз зарыл. Электрондук сурооңузга жооп катары Сизге жеткилик ачууга арыз формасы жөнөтүлөт.

МААНИЛҮҮ! Электрондук дарегиңиз жана уюлдук телефон номериңиз Банктын маалымат базасында каттоодо болуусу зарыл.

  1. 4. Картанын колдонуучусу 3D-Secure технологиясын колдогон сайт аркылуу товар/кызматка буюртма берет жана интернет-дүкөн тарабынан суралган картанын реквизиттерин киргизет.
  2. 5. Бардык керектелген картанын реквизиттерин киргизген соң, операцияны тастыктоо үчүн бир жолку сыр сөздү киргизүү суралат. Ал сыр сөз автоматтык түрдө DemirBank тарабынан SMS-билдирүү түрүндө банкта катталган уюлдук телефон номерге жөнөтүлөт. Сыр сөз, сөзсүз түрдө картанын реквизиттерин киргизгенден соң, интернетте операция жүрүп жаткан мезгилде келет жана аны бир жолу гана иштетүүгө мүмкүн.
  3. 6. Алынган сыр сөздү атайын кутучага киргизиңиз жана төлөмдүн өтүүсүн тастыктаңыз. Сиздин картаңыздан акчанын алынуусу жана сатып алууну төлөө, туура сыр сөздү киргизген учурда гана ишке ашырылат. Эгер СМСти 3 минута ичинде албаган болсоңуз, тиешелүү “Сыр сөздү кайра жөнөтүү” баскычын басуу жолу менен жаңы сыр сөз суроого мүмкүн. Бирок, жаңы сыр сөзду 2 жолу гана суроого мүмкүн. Бир жолку сыр сөздү 3 жолу туура эмес киргизген учурда, сиздин операцияңызды өткөрүүгө бөгөт коюлат. Картаңызды бөгөттөн чыгаруу үчүн, күнү-түнү иштөөчү кардарларды колдоо борборуна төмөнкү номерлер аркылуу кайрылсаңыздар болот::+996 312 610 610, 610 613, 2222.

МААНИЛҮҮ! 3-D Secure технологиясын колдонуу мүмкүнчүлүгү, Сиздин учурдагы жергиликтүү уюлдук операторлор (Beeline, Megacom, O!) тарабынан тейленүүчү уюлдук телефон номериңиз Банктын маалымат базасында бар болгон учурда гана берилет. Ошондуктан, Банктын каалаган бөлүмүнө кат түрүндөгү арыз менен кайрылып, уюлдук телефон номерлериңиздин өзгөрүүсү тууралуу өз убагында маалымат берүүңүздөр зарыл.

Сатып алуунун 3D Secure технологиясы аркылуу өтүп жатканынын өзгөчө белгиси – бул интернет-дүкөндүн сайтындагы Verified by Visa логотипи:

  • Банк эсебиңизден акча каражаттарын чыгаруу боюнча мыйзамсыз операциялардын алдын алуу максатында, сатып алууларды интернет аркылуу төлөөдө Виртуалдык карта менен колдонууну сунуштайбыз. Виртуалдын карта кредиттик картаңыз бар болгон учурда гана ачылат. Кредиттик картанын лимити виртуалдык картанын лимимтине барабар болот.
  • Интернет аркылуу операцияларды өткөрүүдө, интернет-дүкөндүн коопсуздугун текшериңиз; Ишенимдүү гана сайттардын кызматтарын колдонуңуз жана интернет аркылуу сатып алууларды өздүк компьютериңизден гана жасаңыз, сатып алууларды интернет-кафелерден жасабаңыз, себеби андай жерлерде шпиондук программалар орнотулган болушу мүмкүн.
  • Интернет-операциялардын коопсуз өтүшү үчүн, төлөмдөрдү 3D-Secure коопсуздук технологиясын колдогон сайттар аркылуу өткөрүүнү сунуштайбыз.