DemirBank Азия Өнүктүрүү Банкынын (Asian Development Bank, ADB)Trade and Supply Chain Finance Program (TSCFP) - Соода жана жеткирүү чынжырын каржылоо программасы боюнча "Кыргыз Республикасындагы алдыңкы банк-өнөктөш" деген абройлуу наамга ээ болгонун сыймыктануу менен билдирет. Сыйлык тапшыруу аземи 2-сентябрда Сингапур шаарында соода жана жеткирүү чынжырын каржылоо боюнча жыл сайын өтүүчү 11-сыйлык тапшыруу аземинин алкагында өттү.
Бул DemirBank ADB TSCFP`нын жогорку баасына ээ болгон алтынчы таануусу (мурда сыйлык банкка 2024, 2021, 2020, 2017 жана 2016-жылдары ыйгарылган), бул ишенимдүү өнөктөш статусун тастыктайт.
«Биз үчүн ADB тарабынан таанылуу чоң сыймык. Бул сыйлык DemirBankтын өлкөдөгү сооданы каржылоону өнүктүрүүгө кошкон салымын чагылдырат. DemirBank ишкерлер үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып, Кыргызстандын экономикасына салым кошуу менен ишенимдүү каржылык өнөктөш катары өз позициясын мындан ары да бекемдейт», - деп белгилешти банкта.
ADB TSCFP программасы ишканалардын, өзгөчө Азия жана Азия-Тынч океан аймагындагы өлкөлөрдө чакан жана орто ишканалардын (ЧОИ) тышкы экономикалык ишмердүүлүгүн колдоого жана өнүктүрүүгө багытталган. Ал кепилдиктерди берет жана өнөктөш каржы институттары менен биргеликте тобокелдиктерди бөлүштүрөт, бул эл аралык сооданы жана жеткирүү чынжырларын каржылоодогу ажырымдарды кыскартууга мүмкүндүк берет. ADB бул демилгесинин аркасында ЧОИ капиталга кеңири мүмкүнчүлүк алышат, бул экономикалык өсүшкө жана жаңы жумуш орундарын түзүүгө өбөлгө түзөт. Бүгүнкү күндө программа 20дан ашык өлкөдө 200дөн ашык банк-өнөктөштөрдү бириктирип, насыяларды, кепилдиктерди жана билим берүү демилгелерин сунуштайт.
