Күчтүү агробизнес ар бир этаптагы ишенимдүү негизден түзүлөт: айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүүдөн жана мал багуудан тартып, продукцияны кайра иштетүүгө, таңгактоого жана жаңы рынокторго чыгууга чейин. DemirBankтын агрокредити продукцияңыздын дүкөн текчесине чейин жетишине көмөктөшүп, ар бир кадамыңызды колдойт.
Биз агрокредиттөөдө пайдалуу шарттарды сунуштайбыз:
- жылдык 10% — пайыздык чен;
- 60 айга чейин — кредиттин мөөнөтү;
- 150 000 сомдон баштап — кредиттин суммасы;
- сезондуулукту эске алган ийкемдүү төлөө графиги;
- өтүнмөнү тездетилген тартипте кароо.
Кимдер үчүн ылайыктуу: агробизнестин бардык этаптарында иштеген ишкерлер үчүн — продукцияны өстүрүүдөн тартып, кайра иштетүүгө, сатууга жана акыркы керектөөчүгө жеткирүүгө чейин.
«Талаа жана ферма» этабы
Үрөн, тоют, жер семирткичтер, мал жана ветеринардык дары-дармектер; себүү, түшүм жыйноо жана тоют даярдоо техникалары; чарбалык имараттарды реконструкциялоо жана жылуулоо.
«Кайра иштетүү жана таңгактоо» этабы
Сүттү, этти, жашылчаларды, мөмө-жемиштерди жана данды кайра иштетүүчү жабдуулар; таңгактоо линиялары; сапатты көзөмөлдөө жана маркировкалоо системалары.
«Сактоо жана логистика» этабы
Сактоочу жайлар, муздаткычтар жана тоңдургуч камералар; рефрижератордук транспорт; температураны жана нымдуулукту көзөмөлдөө, продукцияны эсепке алуу системалары.
«Сатуу жана бизнести кеңейтүү» этабы
Сертификаттоо, көргөзмөлөргө жана жарманкелерге катышуу; өнүмдү илгерилетүү жана брендди өнүктүрүү; соода түйүндөрүн жана сатуу каналдарын кеңейтүү.
Фермерлердин жана ишкерлердин эмгеги — азык-түлүк туруктуулугунун жана жаңы жумуш орундарын түзүүнүн негизи. DemirBank бул эмгекти колдойт: биздин кредиттик шарттар менен өндүрүшүңүздү чыңдап, жаңы рынокторго ишенимдүү чыга аласыз.
ЖЭПЧ - 10,69%
