Бизнесиңиз өсүүгө даяр болгондо: DemirBankтан кредиттер боюнча атайын шарттар

Бизнестин өсүшү дайыма эле пландалгандай жүрө бербейт. Кээде ири буйрутма төлөм түшө электе пайда болот, жабдуу бүгүн эле керек болуп калат, ал эми кеңейүүнү кийинкиге калтырууга болбойт. Мындай учурда өз убагында каржылоого жетүү өзгөчө маанилүү.

2026-жылдын 31-октябрына чейин DemirBank жеке ишкерлерге жана компанияларга бизнес-кредиттер боюнча атайын шарттарды сунуштайт:

  • бизнес-кредиттер - жылдык 17%дан баштап;
  • ишкер айымдар үчүн "Арууке" программасы боюнча кредиттер - жылдык 16%дан баштап;
  • айыл чарба кредиттери - жылдык 16%дан баштап.

Каржылоону товарларды жана чийки затты сатып алууга, жүгүртүү каражаттарын толуктоого, жабдууларды жана негизги каражаттарды сатып алууга, курулушка жана башка инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга пайдаланууга болот.

Бизнестин муктаждыгына жараша кредиттер, кредиттик линиялар жана овердрафт жеткиликтүү. Каржылоонун мөөнөтү жүгүртүү максаттары үчүн 3 айдан 36 айга чейин, ал эми инвестициялык долбоорлор үчүн 3 айдан 60 айга чейин түзөт.

25 млн сомдон жогору каржылоо жеке шарттарда каралат.

Кредиттин суммасына жараша пайыздык чендер

№Кредиттин суммасыЧОБ-кредиттериАйыл чарба кредиттери жана "Арууке" программасы
1500 000 сомго чейин19%дан баштап17%дан баштап
22 000 000 сомго чейин18%дан баштап17%дан баштап
35 000 000 сомго чейин18%дан баштап17%дан баштап
410 000 000 сомго чейин17%дан баштап16%дан баштап
525 000 000 сомго чейин17%дан баштап16%дан баштап
625 000 000 сомдон жогорумакулдашуу боюнчамакулдашуу боюнча

Каржылоонун акыркы шарттары кредиттин суммасын, максатын жана өтүнмөнү кароонун жыйынтыктарын эске алуу менен жекече аныкталат.

Ылайыктуу вариантты тандоо үчүн DemirBankтын жакынкы бөлүмүнө кайрылыңыз же 2222 номерине чалыңыз. Банктын адиси шарттар жана керектүү документтер тууралуу толук маалымат берет.

Атайын шарттар 2026-жылдын 31-октябрына чейин колдонулат.

*ЖНПЧ 17,2%дан баштап. КР Улуттук банкынын №035 лицензиясы.