Бизнести өнүктүрүү өз убагында кабыл алынган чечимдерди жана ишенимдүү каржылык колдоону талап кылат. Ушул максатта DemirBank чакан жана орто бизнес өкүлдөрү үчүн атайын акциясын улантып, сом менен жылдык 16%дан, АКШ доллары менен жылдык 12%дан башталган пайыздык чен боюнча бизнес-насыяларды сунуштайт.
Атайын сунуш 2026-жылдын 30-июлуна чейин күчүндө болот.
Насыя каражаттарын төмөнкү максаттарга пайдаланууга болот: жүгүртүү капиталын толуктоо, товарларды жана чийки затты сатып алуу, жабдууларды алуу, өндүрүштү модернизациялоо, бизнести кеңейтүү, жаңы соода түйүндөрүн ачуу жана инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу.
Акциянын алкагында төмөнкү шарттар сунушталат:
- сом менен жылдык 16%дан, АКШ доллары менен жылдык 12%дан башталган пайыздык чен;
- жүгүртүү каражаттарын толуктоо үчүн — 24 айга чейин;
- инвестициялык максаттар үчүн — 60 айга чейин;
- Банктын шарттарына ылайык, күрөөсүз же кепилдик менен каржылоо мүмкүнчүлүгү каралган.
Эгерде сизде башка банктан алынган насыя болсо, аны дагы пайдалуу шарттар менен кайра каржылоо (рефинансылоо) мүмкүнчүлүгү каралган.
2026-жылдын 30-июлуна чейин атайын сунуштан пайдаланып, бизнесиңизди DemirBank менен бирге өнүктүрүңүз!
Кененирээк маалымат алуу үчүн DemirBankтын каалаган бөлүмүнө кайрылсаңыз же 2222 кыска номери аркылуу Байланыш борборуна чалсаңыз болот.
*ЖНПЧ 17,2%дан баштап
