Кардарлардын көптөгөн өтүнүчтөрүн эске алуу менен, DemirBank керектөө кредиттери боюнча атайын шарттардын мөөнөтүн 2026-жылдын 28-декабрына чейин узартат.
Эми көптөн бери кийинкиге калтырып жүргөн пландарыңызды ишке ашырууга көбүрөөк убактыңыз бар: техникаңызды жаңыртуу, үйүңүздү оңдоо, окуу акысын төлөө, саякатка чыгуу, ден соолукту комплекстүү текшерүүдөн өтүү же башка жеке максаттарыңызды ишке ашыруу.
Биз шарттарды мүмкүн болушунча ийкемдүү кылдык, ошондуктан сиз каалаган максатыңызды оңой ишке ашыра аласыз.
Керектүү сумманы жана ыңгайлуу мөөнөттү тандап, акчаңызды алыңыз!
Эмне үчүн бул пайдалуу?
- Жылдык пайыздык чен 17%дан башталат — бюджетиңизге ылайыктуу, ачык-айкын шарттар.
- 500 000 сомго чейин — күрөө жана кепилдик талап кылынбайт — документтердин минималдуу топтому жана тез тариздөө.
- Кредиттин мөөнөтү 5 жылга чейин (60 ай) — ай сайын төлөнүүчү сумманы ыңгайлуу пландаштырууга мүмкүнчүлүк берет.
Акциянын толук шарттары
1. Эмгек акыңызды DemirBank картасына аласызбы? Сиз үчүн — эң пайдалуу пайыздык чендер!
| Суммасы жана камсыздоо | Кредиттөө мөөнөтү | Пайыздык чен | ||
|---|---|---|---|---|
| 500 000 сомго чейин
Күрөө жана кепилдик талап кылынбайт | • 6 айдан 36 айга чейин • 37 айдан 60 айга чейин | 17%
20% (турак жайды капиталдык оңдоого) | ||
| 500 000 – 700 000 сом
Кепилдик же күрөө талап кылынат | • 6 айдан 36 айга чейин
• 37 айдан 60 айга чейин | 17%
20% (турак жайды капиталдык оңдоого) | ||
| 700 000 сомдон жогору
күрөө талап кылынат | • 6 айдан 36 айга чейин
• 37 айдан 60 айга чейин | 17%
20% (турак жайды капиталдык оңдоого) | ||
2. Сизде азырынча биздин эмгек акы картаңыз жокпу? Бардык кардарлар үчүн атайын шарттар!
Эгер сиз эмгек акы долбоорунун катышуучусу болбосоңуз да, DemirBank пландарыңызды ишке ашыруу үчүн пайдалуу шарттарды сунуштайт:
| Суммасы жана камсыздоо | Кредиттөө мөөнөтү | Пайыздык чен | ||
|---|---|---|---|---|
| 500 000 сомго чейин
Күрөө жана кепилдик талап кылынбайт | • 6 айдан 36 айга чейин • 37 айдан 60 айга чейин | 18%
19% (турак жайды капиталдык оңдоого) | ||
| 500 000 – 700 000 сом
Кепилдик же күрөө талап кылынат | • 6 айдан 36 айга чейин
• 37 айдан 60 айга чейин | 18%
19% (турак жайды капиталдык оңдоого) | ||
| 700 000 сомдон жогору
күрөө талап кылынат | • 6 айдан 36 айга чейин
• 37 айдан 60 айга чейин | 18%
19% (турак жайды капиталдык оңдоого) | ||
Эскертүү: Кредиттин суммасы 700 000 сомдон жогору болгон учурда күрөө берүү милдеттүү. Эгер күрөө берилсе, кошумча кепилдик талап кылынбайт.
Акциянын алкагында кредитти кантип тариздөөгө болот?
- DemirBankтын жакынкы кеңсесине келиңиз.
- Документтердин минималдуу топтомун тапшырыңыз.
- Кредит боюнча жактырууну алып, керектүү суммаңызды алыңыз!
Маанилүү: бул өзгөчө сунуш DemirBankтын төмөнкү филиалдарында гана жеткиликтүү:
- ДКИБ-Каракол
- ДКИБ-Нарын
- ДКИБ-Талас
- ДКИБ-Кызыл-Кыя
*ЖЭПЧ - 18,7%дан башталат.
Акциянын жарактуу мөөнөтү: 01.10.2026–28.12.2026.
Акциянын мөөнөтү чектелүү! Пайдалуу пайыздык ченди бүгүн эле колдон чыгарбай алыңыз!
