Акция! «Демир Айым» бизнес-насыясы: DemirBankтан аялдардын ишкердигин колдоо

Өз ишиңизди пайдалуу шарттарда өнүктүрүңүз! DemirBank Кыргызстандагы ишкер айымдар үчүн онлайн-насыялоо боюнча атайын акцияны баштайт: жылдык 13,99% пайыздык чен менен 300 000 сомго чейин насыя алыңыз.

Сиз өлкөнүн экономикасын өнүктүрүп жатасыз, ал эми DemirBank сизди колдойт!

Артыкчылыктары

  • Пайдалуу пайыздык чен — 13,99%
  • Жашыруун комиссиялар жок
  • Бизнес иштериңизден алаксыбай, мобилдик тиркеме аркылуу онлайн тариздөө
  • Өтүнмө боюнча чечим дароо чыгарылат
  • Эч кандай документ талап кылынбайт
  • Ай сайынкы төлөм эсебиңизден автоматтык түрдө алынат

Насыянын шарттары

  • Суммасы: 5 000 – 300 000 сом
  • Мөөнөтү: 6 – 36 ай
  • Пайыздык чен: жылдык 13,99%

«Демир Айым» бизнес-насыясын 5 жөнөкөй кадам менен тариздеңиз

  1. DemirBankтын мобилдик тиркемесине кириңиз же бир нече мүнөттүн ичинде онлайн каттоодон өтүңүз.
  2. «Демир Айым» бизнес-насыясына өтүнмө бериңиз.
  3. Керектүү сумманы жана насыянын мөөнөтүн көрсөтүңүз.
  4. Өтүнмө боюнча чечим алыңыз.
  5. Келишимге тиркеме аркылуу кол коюңуз. Каражаттар банкка барбастан эле дароо эсебиңизге түшөт.

Насыяны ким ала алат?

Бул программа төмөнкү талаптарга жооп берген ишкер айымдар үчүн иштелип чыккан:

  • Кыргыз Республикасынын жараны болсоңуз;
  • DemirBankта жеке ишкердин эсебиңиз бар болсо же аны онлайн ачууга даяр болсоңуз;
  • Өзүңүздүн иштеп жаткан бизнесиңиз болсо.

Акция 2026-жылдын 30-ноябрына чейин (кошкондо) күчүндө.

Насыянын жылдык эффективдүү пайыздык чени (ГЭПС) — 15,2%. КРУБдун № 035 лицензиясы.