DemirBank жана «Елизавета» курулуш компаниясынан пайдалуу ипотека

DemirBank «Елизавета» курулуш компаниясы менен биргеликте Кыргызстандагы заманбап жана курорттук кыймылсыз мүлк сатып алуучулар үчүн уникалдуу ипотекалык программаны сунуштайт.

Эми банк кардарлары Бишкек жана Ысык-Көлдүн мыкты турак жай жана курорттук комплекстеринен батирлерди жана аппартаменттерди жылдык 0%дан башталган жана 8 жылга чейин мөөнөт менен пайдалуу шарттарда сатып ала алышат.

Бул программа — пайдалуу шарттардын, ишенимдүү куруучунун жана ар бир долбоордун жогорку комфорт деңгээлинин айкалышы.

Жеткиликтүү объектилер:

Бишкек шаарында:

• «Времена года» турак комплекси — Токомбаев/Куттубаев аймагындагы заманбап көп кабаттуу үй.

• «Семетей» турак комплекси — АУЦАдан өйдө, тоо этегиндеги жайлуу турак жай.

Ысык-Көлдө:

• «Алма» пансионаты — эс алуу борборунун аймагындагы ремонту менен даяр батирлер.

• Elizaveta Resort — Тамчы айылындагы 5 жылдыздуу курорттук комплекс.

• «Айва» эс алуу борбору — көлдүн түндүк жээгиндеги заманбап апарт-турак жай.

Негизги шарттар:

• Кредиттин суммасы — 1 000 000 сомдон баштап

• Мөөнөтү — 96 айга чейин

• Баштапкы төлөм — 30%дан баштап

• Пайыздык чен — жылдык 0%дан 15%га чейин

Кредиттерди расмий түрдө алуу DemirBank'тын «ДКИБ-ЦУМ» филиалында гана жүргүзүлөт. Дареги: Чүй проспектиси, 96.

Толук маалымат алуу үчүн төмөнкү номерлерге кайрылыңыз: +996 990 811 999; +996 557 971 516; +996 702 596 947