2025-жылдын 14-ноябрында Бишкекте German Sparkassenstiftung уюму ишке ашырган «Кыргызстандагы жеке сектордун туруктуу өнүгүүсү» долбоорунун жабылуу аземи болуп өттү. Бул долбоор Германия Өкмөтү (BMZ), Европа Биримдиги жана Швейцария Өкмөтү каржылаган жана GIZ тарабынан ишке ашырылган «Жашыл экономика жана жеке сектордун туруктуу өнүгүүсү» программасынын бир бөлүгү болуп саналат.
DemirBank долбоордун башкы өнөктөштөрүнүн бири катары туруктуу каржылоону баалоо үчүн колдонулган эки негизги инструментти — ESG Risk Radar жана Sustainable Finance Compass — иш жүзүндө кандай пайдаланганы жөнүндө маалымат берди. Бул инструменттер банктын кредиттик портфелиндеги тобокелдиктерди талдоого, кайсы багыттарга артыкчылык берүү керек экенин аныктоого жана туруктуу каржылоого өтүүнүн планын түзүүгө жардам берди. Ошондой эле банк кызматкерлеринин ESG боюнча билимин жана тажрыйбасын күчөттү.
Иш-чарада сөз DemirBankтын башкы менеджеринин орун басары Галина Кучеряваяга берилип, ал мындай деди:
«Бул долбоорго катышуу DemirBank үчүн туруктуу өнүгүү принциптерин банк ишине системалуу түрдө киргизүүдөгү маанилүү кадам болду. ESG инструменттерин колдонуу бизге тобокелдиктерди тереңирээк түшүнүүгө, стратегиялык багыттарды аныктоого жана жоопкерчиликтүү каржылоого туруктуу мамиле түзүүгө мүмкүнчүлүк берди. Биз ESG практикаларын өнүктүрүү — өлкөнүн келечегине кошкон салым жана кардарларыбызга көрсөтүлгөн кызматтын сапатын жогорулатуунун бир жолу деп ишенебиз».
«DemirBank туруктуу өнүгүүгө берилгендигин баса белгилеп, экологиялык жана социалдык жактан жакшы таасир бере турган жаңы инновациялык чечимдерди Кыргызстанда мындан ары да ишке ашыра берет.»
