DemirBank мамлекеттик сектордун кызматкерлери үчүн атайын ипотекалык программаны ишке киргизди

DemirBank мамлекеттик мекемелердин жана жарым-жартылай мамлекеттик каржылоосу бар ишканалардын кызматкерлери үчүн атайын ипотекалык программаны сунуштайт. Бул сунуш турак жай же жер тилкесин пайдалуу шарттарда сатып алууга мүмкүнчүлүк берет.

Ипотекалык насыялоонун пайдалуу шарттары

Программанын алкагында төмөнкүдөй пайыздык чендер колдонулат:

• жылдык 15,99% — насыялоо мөөнөтү 6 айдан 60 айга чейин болгондо;

• жылдык 17% — насыялоо мөөнөтү 61 айдан 96 айга чейин болгондо.

Насыянын суммасы — 350 000 сомдон жогору. Кардарлар сатып алынуучу кыймылсыз мүлктүн баасына жана өз мүмкүнчүлүктөрүнө жараша каржылоонун оптималдуу өлчөмүн тандай алышат.

Мамлекеттик сектордун бардык кызматкерлери үчүн жеткиликтүү

Мамлекеттик кызматкерлер үчүн атайын ипотекалык акциянын шарттары боюнча, сизде үйүңүз бар болсо дагы, DemirBankтан ипотека ала аласыз.

Негизги артыкчылыгы – менчикте үйүнүн болушу тоскоолдук эмес. Эгерде сизде бир нече үй болсо да, сиз өтүнмө бере аласыз.

Ошондой эле DemirBankтын айлык акы долбоорунун катышуучусу болуунун кажети жок – башка банк аркылуу айлык алган уюмдардын кызматкерлери да өтүнмө бере алышат. Жактыруу үчүн талап кылынат:

  • Тастыкталган кирешесинин болушу;
  • Кредиттик тарыхтын талаптарга жооп бериши;
  • Мамлекеттик бюджеттен жарым-жартылай каржыланган уюмда иштөө.

Эгерде сиз айтылган шарттарга туура келсеңиз – DemirBankка өтүнмө бериңиз жана ипотеканын сизге жеткиликтүү суммасын билиңиз

Баштапкы төгүм

Насыяны алуу үчүн сатып алынып жаткан кыймылсыз мүлктүн баасынан 30% өлчөмүндө баштапкы төгүм талап кылынат.

Баштапкы төгүм үчүн зарыл болгон сумма жок болгон учурда, Demir Келечек кызматынан пайдаланууга болот.

Өз үйүңүзгө карай кадам таштаңыз

Программа даяр турак жайды же келечектеги үйүңүздү куруу үчүн жер тилкесин сатып алууга мүмкүнчүлүк берет. DemirBank насыялоонун ыңгайлуу шарттарын жана документтерди тариздөөнүн бардык этаптарында колдоону сунуштайт.

Программанын жарактуу мөөнөтү

Атайын сунуш 2026-жылдын 20-июлунан 30-сентябрына чейин күчүндө болот.

Мамлекеттик мекемелердин жана жарым-жартылай мамлекеттик каржылоосу бар ишканалардын кызматкерлери DemirBank’ка кайрылып, кеңеш ала алышат жана программага катышуу үчүн арыз бере алышат.

DemirBank менен биргеликте өз үйүңүзгө карай биринчи кадамды жасаңыз!

Программанын шарттары жана зарыл болгон документтер тууралуу кенен маалыматты 2222 кыска номери аркылуу же DemirBank’тын жакынкы бөлүмүнөн алууга болот.