Урматтуу кардарлар,
Сиздерди "Демир Кыргыз Интернэшнл Банк" ЖАКынын корреспонденттик эсеби аркылуу "Казакстандын Элдик банкы" ААКсы (JSC «Halyk Bank») аркылуу өтүүчү кирүүчү төлөмдөрдү тариздөө боюнча талаптар тууралуу маалымдайбыз. Көрсөтүлгөн талаптар келип түшкөн каражаттарды туура жана өз убагында эсепке киргизүү үчүн зарыл.
Эмнени эске алуу маанилүү:
🔹 1. Халык Банк аркылуу төлөмдөр
* Citibankты банк-ортомчу катары колдонууга Citibankтын ички саясаты боюнча тыюу салынган.
* Мындай төлөмдөр үчүн The Bank of New York Mellon (BNY Mellon) эсебинин реквизиттери гана колдонулушу керек.
* Контрагенттер ортомчу банк (Intermediary Bank) катары өзгөчө The Bank of New York Mellon'ду көрсөтүүсү зарыл.
* Citibank ортомчу катары көрсөтүлгөн төлөмдөр жөнөтүүчүгө кайтарылат.
Сиздерден кечигүүлөрдү болтурбоо жана кирүүчү которуулардын үзгүлтүксүз өтүшүн камсыз кылуу үчүн контрагенттериңиздерди алдын ала маалымдоону суранабыз.
