Чет өлкөлүк валютадагы кирүүчү которууларды тариздөөгө карата талаптар

Урматтуу кардарлар,

Сиздерге, «Демир Кыргыз Интернэшнл Банк» ЖАКынын кардарларынын пайдасына чет өлкөлүк валютадагы кирүүчү которуулар мурда берилген реквизиттерге ылайык так таризделиши керек экендигин маалымдап кетебиз. Реквизиттерде көрсөтүлгөндөн башка банк-ортомчулар же корреспонденттик банктар аркылуу жөнөтүлгөн төлөмдөр эсепке алынбастан жөнөтүүчүгө кайтарылып берилет.

АКШ долларында «Демир Кыргыз Интернэшнл Банк» ЖАКынын кардарларынын пайдасына кандайдыр бир банктардан/банктар аркылуу которууларды жөнөтүүдө банктын "Народный Банк Казахстана" (JSC «Halyk Bank») АК корреспонденттик эсебине банк-ортомчу катары сөзсүз түрдө The Bank of New York Mellon, SWIFT: IRVTUS3N көрсөтүлүшү керек.

Банк-ортомчу катары башка банктар (Citibank, JPMorgan Chase Bank N.A., Bank of America N.A., Wells Fargo Bank N.A. же башка кандайдыр бир банк) көрсөтүлгөн которуулар жөнөтүүчүгө кайтарылып берилет.

Кирүүчү которуулардын кечигүүсүн жана үзгүлтүксүз өтүшүн алдын алуу үчүн контрагенттериңизге жана өнөктөштөрүңүзгө бул талаптар жөнүндө маалымдоону суранабыз.

«Демир Кыргыз Интернэшнл Банк» ЖАКсынын кирүүчү төлөмдөр үчүн реквизиттери