Mastercard: DemirBank Кыргызстанда жылдын эң мыкты карта чыгарган банкы деп табылды

Mastercard эл аралык төлөм системасы DemirBank’ты 2024-жыл үчүн Кыргызстандагы эң активдүү карта чыгаруучу банк деп тааныды.

DemirBankтын башкы менеджери Шевки Л.Сарылар белгилегендей, Банк көп жылдан бери Кыргызстанда Mastercard карталарын чыгарууда лидер болуп келет. Бул сыйлык – DemirBankтын Кыргызстанда жана эл аралык деңгээлде ийгиликтүү иштеп жатканын дагы бир жолу тастыктайт.

«Mastercard менен DemirBank 14 жылдан ашык убакыттан бери өнөктөштүк мамилени активдүү өнүктүрүп, жаңы долбоорлорду ишке ашырып келет. Бул кыргызстандыктар үчүн каржылык кызматтарды жеткиликтүү жана ыңгайлуу кылууда чоң роль ойнойт. Эл аралык өнөктөш тарабынан мыкты карта чыгаруучу банк катары таанылганы – биз үчүн чоң сыймык. Биз мындан ары да кызматташууну чыңдап, жаңы каржылык кызматтарды ишке ашырууну улантабыз», – деп баса белгиледи Шевки Сарылар.

2024-жылы DemirBank жана Mastercard кыргызстандыктар үчүн маанилүү болгон бир нече ири долбоорлорду ишке ашырышты. Жаңы жылдын алдында Банк «Ала-Тоо» аянтындагы башкы балатынын жанында өткөн «Түндүк жарыгы» майрамдык жарманкесинин расмий өнөктөшү болду. Миңдеген бишкектиктер жана борбор калаанын меймандары жарманкеге келип, жаңы жылдык маанай менен бөлүшө алышты. Ачык муз тебүү аянтчасы, мастер-класстар, фуд-корт, жомоктогу декорациялар, Аяз атанын үйү жана башка көптөгөн көңүл ачуучу зоналар жарманкенин коноктору үчүн жеткиликтүү болду. Mastercard картасынын ээлери үчүн атайын арзандатуулар жана пайдалуу сунуштар каралган эле.

Ушундай эле маанилүү долбоорлордун бири — Black Friday майрамына арналган акция болду. Бир ай бою кыргызстандыктар DemirBank’тын Mastercard кредиттик карталары аркылуу 0% менен бөлүп төлөө мүмкүнчүлүгү менен пайдалуу сатып алууларды жасай алышты. Бул сунуш декабрь айынын ичинде Банктын 500дөн ашык өнөктөш дүкөндөрүндө – кийим-кече, тиричилик техникасы, эмерек жана башка соода түйүндөрүндө иштеди.

Эске салсак, DemirBank — Кыргызстандагы алгачкы коммерциялык банктардын бири болуп, 2011-жылы эл аралык Mastercard төлөм системасынын Принципиалдык мүчөсү болгон. Ошондон бери Банк өлкөдө финансы секторун өнүктүрүүгө салым кошуп келет. Банк өнөктөштүктү мындан ары да өнүктүрүп, кардарлар үчүн ыңгайлуу жана кызыктуу долбоорлорду ишке ашырууну улантат.