Акция: «Жаңы жылды өз батириңизде тосуу». Жылдык 15,99%дан башталган пайыздык чен менен ипотека жана 100 000 сомго чейин кешбэк

Өз үйүңүзгө ээ болууну кыялданасызбы? DemirBank бул кыялыңызды ишке ашырууга жакындаткан атайын ипотекалык сунушту даярдады. Жылдык 15,99%дан башталган пайыздык чен менен ипотека алып, 100 000 сомго чейин кешбэк алыңыз.

Ипотеканы эмнеге алууга болот?

• даяр батир же үй сатып алууга;

• үлүштүк катышуу келишими (ДДУ) боюнча курулуп жаткан үйдөн батир сатып алууга;

• жер тилкесин сатып алууга;

• өз үйүңүздү курууга;

• таунхаус же коттедж сатып алууга.

Негизги шарттары:

• Насыянын суммасы — 350 000 сомдон баштап.

• Насыялоо мөөнөтү — 6 айдан 96 айга чейин.

• Баштапкы төлөм — кыймылсыз мүлктүн наркынын 30%ынан баштап.

Атайын сунуш боюнча пайыздык чендер

Эмгек акы долбоорлорунун катышуучулары үчүн:

• 6 айдан 60 айга чейин — жылдык 15,99%;

• 61 айдан 96 айга чейин — жылдык 17%.

Эмгек акы долбоорлорунун катышуучусу болбогон кардарлар үчүн:

• 6 айдан 60 айга чейин — жылдык 17%;

• 61 айдан 96 айга чейин — жылдык 18%.

Кешбэк кантип чегерилет?

Кешбэк кардардын эсебине эки этап менен чегерилет:

• 30% — ипотека жактырылгандан кийин 5 жумушчу күндүн ичинде;

• 70% — ипотека жактырылгандан кийин 3 айдын ичинде.

Кешбэктин максималдуу өлчөмү — 100 000 сом.

Кешбэкти чегерүүнүн так тартиби жана ыкмасы тууралуу DemirBank адистеринен билсеңиз болот.

Атайын сунуш 2026-жылдын 28-декабрына чейин гана жарактуу.

DemirBank менен өз үйүңүзгө карай кадам таштаңыз!

Акцияны өткөрүүнүн толук шарттары төмөнкү шилтеме аркылуу жеткиликтүү: Акциянын шарттары .

Лицензия № 035. МЭПС — 17,5%дан баштап.