Кредиттерди акылдуулук менен колдонуу: Карыз алууда бир чектен экинчи чекке чыгып кетпегенге эмне жардам берет?
Сиз көптөн бери жаңы телефон алууну, үйдө ремонт кылууну же балаңыздын окуу акысын төлөөнү кыялданып жүрөсүзбү? Бирок бюджетиңиз бул тилектерди ишке ашырууга мүмкүнчүлүк бербей жатабы? Анда кредит — пландарыңызды артка жылдырбай ишке ашыруунун жакшы жолу болушу мүмкүн. Бирок кредит алуу процессине туура мамиле кылуу зарыл, антпесе акчанын тартыштыгына дуушар болушуңуз мүмкүн.
DemirBank кредит алууда бир чектен экинчи чекке чыкпай, туура кредит алуу үчүн төмөнкүдөй кеңештерди сунуштайт:
1. Муктаждыкты так аныктоо
Кредит алуудан мурун аны эмне үчүн алганы жатканыңызды так аныктап алыңыз. Карыз алуу чындап эле негиздүү жана зарыл экенине көзүңүз жеткидей болсун.
2. Төлөй алар албасыңызга туур баа бериңиз
Каржылык абалыңызды дыкат анализдеп, кредит төлөмдөрү күнүмдүк чыгымдарыңызга терс таасир этпейби — ошону аныктаңыз.
3. Туура кредиттик продуктуну тандоо
Кредиттик сунуштарды салыштырыңыз: пайыздык чендер, мөөнөттөр, алдын ала төлөө шарттары жана айыптар. Өзүңүздүн каржылык мүмкүнчүлүгүңүзгө жараша эң ыңгайлуу вариантты тандаңыз.
4. Бюджетти пландоо
Кредитти жана башка милдеттенмелерди эске алып, күнүмдүк чыгымдарыңызды кыйналбай жаба ала тургандай план түзүп алыңыз. Бул келечекте боло турган өзгөрүүлөргө оңой ылайыкташууга жардам берет.
5. Каржылык коопсуздукка кам көрүү
Эгер төлөөдө көйгөй жаралса, көйгөйгө көз жумуп койбоңуз. Кредит берген уюм менен байланышып, карызды реструктуризациялоо же башка мүмкүн болгон жолдорду карап көрүңүз. Канчалык эрте чара көрсөңүз, акчанын тартыштыгынан ошончолук эрте кача аласыз.
DemirBank өз кардарларын ойлоп, Card Plus бөлүп төлөө программасын сунуштайт. Бул программанын жардамы менен сиз 0%дан тарта 1 жылга чейин зарыл нерселериңизди кошумча төлөмсүз сатып алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болосуз. Партнёрдук дүкөндөрдүн жана кызматтардын кеңири тизмесинен пайдаланыңыз — анын ичинде ири соода тармактары, жеке мектептер жана медициналык клиникалар бар.
Card Plus программасынын артыкчылыктары:
- Кошумча документсиз – документтер топтомун чогултпай, банкка кайрылбай эле зарыл нерселериңизди дароо сатып аласыз.
- 1 жылга чейин бөлүп төлөө – 6, 9 жана 12 ай. Канча ай сизге ылайык келсе, ошончо айды тандай аласыз.
Бөлүп төлөөнү кантип алууга болот?
- Паспорт жана кирешеңиз тууралуу маалым кат менен DemirBankка келиңиз.
- Кредиттик карта алуу үчүн арыз толтуруңуз.
- 5 иш күнүнүн ичинде карта даяр болгону тууралуу SMS билдирүү аласыз.
- Эгер кааласаңыз картаңызды курьер үйүңүзгө жеткирип берет (жеткирүү Бишкек жана Чүй облусу боюнча гана ишке ашырылат).
P.S. Эгер маянаңыз биздин банк аркылуу түшсө, анда киреше тууралуу маалым кат талап кылынбайт.
Толугураак маалыматты 2222 номериндеги Байланыш борборунан билсеңиз болот.
Кредиттер – бул туура колдонулса сиздин пайдаңызга иштей турган күчтүү курал. Так пландоо жана акыл-эстүү карыз алуу – акчанын тартыштыгына дуушар кылбай, кыялдарыңызды ишке ашыруунун ачкычы.
