0% менен онлайн насыя: Жеткирүүчүнү күтө тур жана карта менен бирге 30 000 миң сом өлчөмүндө биринчи насыяңызды алыңыз!
DemirBank жаңы кардарлары үчүн акцияны улантууда: 0% менен февралдын аягына чейин онлайн насыя берүүдө, ошондой эле насыя алуунун жолдорун жакшыртууда.
Эми сизде 0% менен мүмкүн болушунча пайда алуу жагы каралган жаңы шарттарда онлайн насыя алуу мүмкүнчүлүгү бар:
— 15 000ге чейин заматта ала аласыз
— Ал эми жеткирүүчү аркылуу дебет картасы менен бирге 30 000ге чейин ала аласыз
Сизге ылайык келген жолун тандап, пайда көрүңүз!
Анда 30 000 сомду 0% менен кантип алууга болот?
- Акция учурунда мобилдик банкинг аркылуу эсеп ачыңыз
- Жеткирүүчү дебет картасын алып келгиче күтүңүз, андан кийин филиалдардын бирине же Банктын сберкассасына барып, ырастоодон өтүңүз
- Ырастоодон өткөнүңүз такталгандан кийин, мобилдик тиркеме аркылуу онлайн насыяга өтүнмө калтырыңыз
- Даяр болду! 30 000 сомго чейинки насыяңыз 6 ай мөөнөткө 0%дык чен менен эсептелет (ЖНПЧ — 0%)
Эскерте кетчү нерсе: DemirBank аркылуу пайызсыз онлайн насыяны картаны каттоодон өткөрбөй туруп эле мобилдик тиркеме аркылуу алууга болот. Бирок насыяга берилчү сумма 15 000 сомдон ашпайт.
Ан үчүн:
- Акция учурунда мобилдик банкинг аркылуу эсеп ачыңыз
- Онлайн насыяга өтүнмө калтырыңыз
- Даяр болду! 15 000 сомго чейинки насыяңыз 6 ай мөөнөткө 0%дык чен менен берилет (ЖНПЧ — 0%)
Эскертүү: Акция биринчи жолу алынган онлайн насыяга гана тиешелүү. Сиз 0% менен бир эле жолу мындай насыя ала аласыз (15 000 же 30 000 сом). Экинчи жолу насыя ала турган болсоңуз, 16,99%дык чен менен берилет.
Төлөө мөөнөтүнөн кечиккен учурда, кечиккен күндөрдүн санына пропорционалдуу түрдө карыз суммасына жылына 16,99% өлчөмүндө пайыз/айып пул эсептелет.
Акциянын мөөнөтү: 2024-жылдын 1-декабрынан 2025-жылдын 28-февралына чейин.
Кененирээк маалымат алуу үчүн Байланыш борборуна 2222 кыска номери аркылуу кайрылыңыз.
