2025-жылдын 6-октябрынан 31-декабрына чейин DemirBank жаңы кардарлар үчүн супер акцияны баштайт — мобилдик тиркеме аркылуу 0% менен онлайн-кредит алууга болот.
Арыз берүү процесси бир нече секундду гана алат, ал эми каражаттар жактырылгандан кийин дароо картага түшөт.
Кредитти кантип алууга болот — кадам-кадам нускама
Кадам 1. DemirBank тиркемесин App Store же Google Play'ден жүктөп алып, катталыңыз.
Кадам 2. Банктын жакынкы филиалында физикалык верификациядан өтүңүз.
Кадам 3. Тиркемеде «Онлайн-кредит» бөлүмүн тандап, керектүү сумманы көрсөтүп, арыз бериңиз.
Кадам 4. Арыз бекитилгенден кийин акча дароо картаңызга түшөт.
Акциянын шарттары
1. Верификациядан өтө элек кардарлар үчүн:
• Биринчи кредит 15 000 сомго чейин — 0%
• Физикалык верификациядан кийинки экинчи кредит 35 000 сомго чейин — 0%
2. Физикалык верификациядан өткөн кардарлар үчүн:
• Бир кредит 50 000 сомго чейин — 0%
0% ченем онлайн-кредиттерге гана, 6 айга мөөнөткө берилет.
