Алдамчылардан сак болуңуз!

Урматтуу кардарлар!

DemirBank кызматтарды бардык банктык сервистерди, анын ичинде интернет-банкинг жана мобилдик банкингди пайдаланууда маалыматтык коопсуздук чараларын сактоого чакырат.

Биз төмөнкү эрежелерге карманууңуздарды көптөн суранабыз:

  • Электрондук почта, SMS же мессенджерлер аркылуу келген шектүү шилтемелерге кирбеңиз — бул сиздин жеке маалыматтарыңыздын чыгып кетишине алып келиши мүмкүн.
  • Сайттын дарегин текшериңиз. Банктын расмий сайты — https://demirbank.kg
  • Жеке маалыматтарыңызды шектүү же адаттагы интерфейстен айырмаланган сайттарга киргизбеңиз.
  • Фишинг каттардан жана банк кызматкери болуп өзүн тааныштырган алдамчылардын чалууларынан сак болуңуз.
  • Эки фактордуу аутентификацияны колдонуп, аккаунттарыңызды коргоңуз.

DemirBank сизден этият болууну жана банкка тиешелүү маалыматтарды расмий булактардан — https://demirbank.kg сайтынан, ошондой эле социалдык тармактардагы @demirbankkg (Instagram) жана Demir Kyrgyz International Bank (Facebook) расмий баракчаларынан гана алууну суранат.

Банк эч качан кардарлардан төмөнкү маалыматтарды сурабайт:

  • Интернет-банктын сыр сөздөрүн;
  • SMS же push-билдирүүлөрдөн келген коддорду;
  • Төлөм карталарынын маалыматын, анын ичинде PIN-кодду.

Эгерде сиз алдамчылык фактыларына туш болуп жатсаңыз же кимдир бирөөлөр сиздин банктык маалыматтарыңызды ээлеп алууга аракет кылып жатат деп шектенсеңиз, тез арада 24/7 режиминде иштеген кардарларды колдоо кызматына кайрылыңыз:

+996 (312) 610 610; 2222

+996 770 610 610 (WhatsApp аркылуу да жеткиликтүү)

Ошондой эле, эгер сиз шектүү билдирүүлөрдү алган же белгисиз шилтемелерге өткөн болсоңуз, сөзсүз түрдө сыр сөздөрүңүздү жаңылап коюуну сунуштайбыз.

Сиздин этияттыгыңыз жана сактыгыңыз — финансы коопсуздугуңуздун негизги ачкычы.